Элювий

Википедия дан

Элювий (лат. eluo - жууйм), элювий чөкмөсү - тоо тектердин убөлөнүусунөн пайда болуп, ошол эле үбөлөнгөн ордунда топтолгон жана үбөлөнүү кыртышын түзгөн борпоң чөкмө тоо тек.

Түзөң же бир аз жантык келип, денудация өтө жай жүргөн жер бетинде калыптанат. Ал түрдүү өлчөмдөгү жана курамдагы иргелбеген, кырдуу тоо тек сыныктарынан турат. Элювийдин чополуу, кумдуу, шагылдуу, кесек сыныктуу ж. б. түрлөрү бар. Элювий кенташ чөкмөлөрүнө тыгыздыгы аз заттарды шамал учуруп кеткенден кийин басырылган вольфрамдын жана алтындын кен чачындылары кирет. Жер шарында Элювий менен топтолгон алмаздын, калайдын кендери кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4