Эл агартуу

Википедия дан

Эл агартууКыргыз Респубикасынын Билим Берүү Министрлигинин илим-педагогикалык жана методикалык журналы. Журналдын алгачкы саны 1928-жылы май айында «Жаңы маданият жолунда» деген наам менен жарык көргөн. Адепки жооптуу редактор Касым Тыныстанов, редколлегиянын мүчөлөрү Токчоро Жолдошев, Баялы Исакеев болушкан. Журнал алгач «Жаңы маданият жолунда» деп аталып, андан кийин «Окутуучуларга жардам», «Мугалимдерге жардам», анан 70-жылдары «Эл агартуу» болуп өзгөрдү.

1978-жылы «Эл агартуу» журналы жаш муундарды окутуп-тарбиялоо боюнча сиңирген зор эмгеги үчүн «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Кыргыздын залкар жазуучулары, агартуучулары Аалы Токомбаев, Касымалы Баялинов, Токчоро Жолдошев журналдын алгачкы редакторлорунан болушкан. Булардан тышкары журналды жетектөөдө Ж. Шүкүров, А. Элебесов, Б. Юнусалиев, Б. Колдошев, Б. Yмөталиева, Р. Шамурзина, Н. Кангелдиев, А. Токтосунов эмгек өтөгөн. Журналдын азыркы башкы редактору Т. Сагымбаев.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004