Мазмунга өтүү

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби

Википедия — ачык энциклопедия
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби
(ЭАЖММ)
Расмий аталышы

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби

Эл аралык аталышы

International Higher School of Medicine

Негизделген жылы

2003-жыл

Түрү

Менчик

Ректору

Ахунбаев Стальбек Медерович

Студенттери

3,5 миңдей

Жайгашкан жери

 Бишкек,  Кыргызстан

Юридикалык дареги

Интергельпо к., 1 F, Бишкек, Кыргызстан

Сайты

https://ru.ism.edu.kg/

Эл аралык жогорку медициналык мектеби (ЭАЖММ) — Кыргызстандагы медициналык билим берүү борбору[1][2] болуп эсептелет. Учурда окуу жайында 3500дѳй чет өлкөдөн келген студенттер билим алып жатышат. Окутуу англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (ЭАЖММ) 2003-жылы [3] негизделген. ЭАЖММ биринчи ректору болуп м.и.д., профессор Чынгышпаев Шамиль Мукашевич эмгектенген. 20 жыл ичинде ЭAЖММ алдыңкы ЖОЖдордун мартабасын алган.

Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинде түрдүү кафедралар бар жана алардын ар бири келечектеги адистерди даярдоодо чечүүчү мааниге ээ.

  • Гуманитардык сабактар кафедрасы
  • Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы
  • Негизги сабактар кафедрасы
  • Табигый илимдердин сабактары кафедрасы
  • Педиатрия кафедрасы
  • Патология кафедрасы
  • Хирургиялык оорулар кафедрасы
  • Жугуштуу оорулар кафедрасы
  • Пропедтерапия жана үй-бүлѳлүк медицина кафедрасы
  • Терапия кафедрасы
  • Анатомия кафедрасы
  • Атайын клиникалык сабактар кафедрасы
  • Кардиохирургия жана Радиология кафедрасы
  • Атайын хирургиялык сабактар кафедрасы
  • Акушердик жана гинекология кафедрасы

Бүтүрүүчүлѳр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Университет миңдеген жогорку дасыккан дарыгерлерди даярдап чыгарды. Азыркы убакка чейин 4000дѳн ашык студент окууну ийгиликтүү аяктаган.

  • Алар Индиянын, Пакистандын жана алыскы чет ѳлкѳлѳрдүн саламаттыкты сактоо тутумунда жетектѳѳчү башкаруу кызматтарында иштешет;
  • Алар Индияда, Пакистанда жана дүйнѳ жүзүнүн булуң-бурчтарындагы белгилүү ооруканаларында эмгектенишет.
  • Алар скринингалык тестерди MCI, PMDC жана BMDC биринчи сынакта эле ийгиликтүү тапшырып келишет;
  • Алар ѳз ѳлкѳлѳрүндѳ гана окууну жана эмгектенүү улантпастан, дүйнѳ жүзүндѳ: АКШда, Улуу Британияда, Нидерландияда, Австралияда, Швейцарияда, Германияда, Данияда, Бириккен Араб Эмиратында жана башка мамлекеттерде улантышууда.
  1. https://ru.ism.edu.kg/
  2. https://www.facebook.com/ism.official.kg/about
  3. Архив көчүрмөсү Текшерилген күнү 29 -сентябрь (аяк оона) 2025.

[1]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Архив көчүрмөсү Текшерилген күнү 29 -сентябрь (аяк оона) 2025. Түп булактан архивделген күнү 29 -сентябрь (аяк оона) 2025.