Мазмунга өтүү

Эл аралык аба каттамы

Википедия — ачык энциклопедия
("Эл аралык аба каттамдары‎"‎ барагынан багытталды)

Эл аралык аба каттамы ― эки же андан көп мамлекеттердин ортосундагы, белгилүү авиаунаалык ишкана туруктуу учууларды ишке ашыруучу аба жолу. Ар бир авиаунаалык ишкана эл аралык каттамдар (трассалар) боюнча өзүнүн Э. а. к-н ачат. Ачуу укугу аба каттамдары жөнүндөгү эларалык макулдашуулар боюнча, эреже катары, эки тараптуу негизде берилет. «Э. а. к.» аталгысы кээде «эл аралык аба жолун эксплуатациялоочу авиаунаалык ишкана» маанисинде да колдонулат.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7