Эл аралык геологиялык конгресс
Көрүнүш
Эл аралык геологиялык конгресс - Жер жөнүндөгү илимдердин фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулган илимий билим берүүчү уюм.
Ал чогулуштарын геологиялык илимдердин эл аралык союзунун колдоосу жана кызматташуусу астында өткөзүп турат. Биринчи конгресс 1878-ж. 23 өлкөдөн келген 310 окумуштуунун катышуусунда Парижде өткөрүлгөн. Андан бери 2013-ж. чейин 34 Э. а. г. к. болуп өттү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4