Мазмунга өтүү

Эл аралык келишимди жоюу

Википедия — ачык энциклопедия

Эл аралык келишимди жоюу — мамлекеттин бир жактуу баш тартуусунун натыйжасында эл аралык келишимдин бул мамлекет үчүн юридикалык күчүн жоготуусу. Денонсациядан айырмаланып, ал келишимдин өзүндө бекитилгендей, тараптардын алдынала макулдашуусуна негизделбестен, бир жактуу мүнөздө болот. Ошондуктан, эл аралык келишимди жоюу эл аралык укукта каралбайт. Жараксыз эл аралык келишимдерди, так айтканда, ошол мамлекеттердин мурдагылары менен түзүлгөн, ошондой эле, башка тарап тарабынан бузулган, жагдайлардын өзгөрүшүнө байланыштуу ж.б. келишимдерди жоюу туура болуп эсептелет.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7