Эл аралык кызмат адамы
Көрүнүш
Эл аралык кызмат адамы — адатта кайсы бир мамлекеттин эларалык уюмдун катчылыгынын кызматында турган жараны, алардын катчылыгынын персоналынын мүчөсү. Эл аралык кызмат адамы өз өлкөсүнүн кызыкчылыгына өкүл боло албайт. БУУнун Уставынын 100-беренесине ылайык Башкы катчы жана башка эл аралык кызмат адамы өздөрүнүн кызмат милдеттерин пайдаланууда «Уюмдан тышкаркы эч бир өкмөттөн жана бийликтен көрсөтмө албоого жана сурабоого тийиш. Алар Уюмдун алдында гана жоопкерчиликтүү, эларалык кызмат адамы катары өздөрүнүн абалына кедерги келтирүүчү баардык аракеттерден оолак болуулары тийиш».
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7