Эл аралык кысыктар
Эл аралык кысыктар — эл аралык маанидеги кеме жолу өтө турган кургак жер аралыгындагы мухит менен деңиздерди бириктирүүчү табигый суу мейкиндиги. Аймактык деңиз жана ага жанаша жаткан тилкелер жөнүндөгү 1958-жылкы Женева конвециясында белгиленген негизги принцип боюнча, кысык боюнда жайгашкан мамлекеттер бул жерден өтүп бараткан кемелерди токтотууга тийиш эмес. Деңиз укугу боюнча БУУнун 1982-жылкы Конвенциясына ылайык, Э.к. тартиби анын түрүнө жараша болот: а) ачык деңиз бөлүгүн же таза экономикалык тилкени аймактык деңиз менен бириктирүүчү кысыктар (мында аймактык деңиз аркылуу тынчтык менен өтүп кетүү эрежеси колдонулат); б) ачык деңиздин бир бөлүгүнүн арасы аркылуу кемелердин өтүүсү үчүн кодонула турган кысыктар (мында транзиттик (басып) өтүү укук тартиби колдонулат); в) ортоңку бөлүгүндө ачык деңиз бар болгон же таза экономикалык тилкеге кирген кысыктар (мында соода жана аскердик кеме сүзүү эркиндиги колдонулат); г) атайын көп тараптуу эларалык келишимдер аркылуу белгиленген укуктук тартип өкүм сүргөн кысыктар (Балтика, Карадеңиз, Магеллан, Гибралтар кысыктары).
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7