Мазмунга өтүү

Эл аралык талаштарды чечүүнүн тынчтык каражаттары

Википедия — ачык энциклопедия

Эл аралык талаштарды чечүүнүн тынчтык каражаттары — эл аралык укук субъектери (негизинен мамлекеттер) алардын арасында пайда болгон келишпөөчүлүктөрдү жөнгө салуу үчүн колдонуусу мүмкүн болгон эл аралык укукта аныкталган жолжоболук ыкмалардын жана практикалык чаралардын комплекси. Көрсөтүлгөн каражаттарды колдонуунун укуктук жербайын БУУнун Уставында белгиленген эл аралык талаштарды тынчтык жолу менен чечүү принциби түзөт. Анда эл аралык талаштарды чечүүнүн тынчтык каражаттары катары сүйлөшүүлөр, иликтөөлөр, ортомчулук, элдештирүү, арбитраж, соттук териштирүү, аймактык органдарга же келишимдерге кайрылуу, ошондой эле талаштын катышуучуларынын тандоосу боюнча ушул сыяктуу башка каражаттар каралган.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7