Эл аралык учуулардагы коммерциялык укук
Эл аралык учуулардагы коммерциялык укук ― мамлекеттер чет өлкөлүк авиаишканаларга беришкен, кайсы бир өлкөдө тийиштүү тартипте каттоодон өткөн аба кемелери, өзүнүн аймагынын үстүнөн жүргүнчүлөрдү, колжүктөрүн, жүктөрдү жана почтону коммерциялык негизде (акысына) ташууну ишке ашыруу укугу. Мындай укуктарды берүү өзара ынтымакташкан шарттарда жүргүзүлөт жана таризи үчүн гана түзүлгөн, 1944-жылдагы эл аралык жарандык авиация үзгүлтүксүз эл аралык аба каттамдарында коммерциялык укуктарды алмашуу жөнүндөгү Чикаго конвенциясынын корутунду актысына тиркелген тийиштүү эки тараптуу макулдашуулар менен жөнгө салынат. Мындай укуктардын («аба эркиндиги») тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт: а) ал укукту берген мамлекеттин аймагы аркылуу транзиттик учуп (конуусуз) өтүү укугун; б) көрсөтүлгөн мамлекеттин аймагы аркылуу жүктөп-түшүрүүсүз техникалык-экспулатациялык максаттарда гана (май куюу, техникалык тейлөө) учуп өтүү укугун; в) чет мамлекеттин аймагына аба кемеси каттаган мамлекетте бортко алынган жүргүнчүлөрдү, колжүктөрдү, жүктөрдү жана почтаны жеткирүү жана түшүрүү укугун; г) чет мамлекеттин аймагынан жүргүнчүлөрдү, колжүктөрдү жүктөрдү жана почтаны катталган мамлекетине жеткирүү үчүн аба кемесинин бортуна алуу укугун; д) чет мамлекеттин аймагына жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, колжүктөрдү жана почтаны түшүрүү укугун, ошондой эле алардын баарын үчүнчү мамлекеттен каалаган үчүнчү мамлекетке жеткирүү үчүн аба кемесинин бортуна алуу укугун; е) кандай гана болбосун объекттерди өзүнүн аймагы аркылуу (катталган мамлекеттин аймагы) үчүнчү мамлекеттердин ортосунда абада ташуу укугун; ж) аба кемеси катталган мамлекеттин аймагын кыйгап, чет мамлекеттердин ортосунда баардык түрдөгү аба ташууларынын укугун.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7