Эл аралык экономикалык кызматташтык
Көрүнүш
Эл аралык экономикалык кызматташтык - бир нече айрым өлкөлөрдүн көз карандысыздык, тең укуктуулук, эки тарапка тең пайдалуулук принцибинде ишке ашырылуучу туруктуу жана узак мөөнөттүү экономикалык жана илимий-техникалык байланышы.
Анын өнүгүшүнүн негизи - эмгектин эл аралык бөлүнүшүнүн тереңдеши. Эл аралык экономикалык кызматташтык тышкы сооданы, кредит мамилелерин, кооперациялоону жана табигый ресурстарды өздөштүрүүдө өлкөлөрдүн кызматташтыгын, компенсация келишимин, о. э. илимий-техникалык кызматташтыкты камтыйт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9