Эмгекке окутуу

Википедия дан

Эмгекке окутуу – эмгектенгенге окутуп тарбиялап-үйрөтүү жараяныда балдарда калыптанган өзүн-өзү тейлөөнүн айрым турмуштук практикалык көндүмдөрү.
Мисалы: куурчак оюнчуктарын жасап, алар менен ойногонду, өсүмдүктөрдү өстүрүп, жаныбарларга камкордук көргөндү, эмгекке үйрөтүү боюнча окуу программада кенже курактан баштап улуулардын эмгектерин баалай билгенди, эмгектин түрлөрү менен тааныштырып колдорунан келишинче иштерди өз алдынча аткартып, жуунганды, кийингенди, тамактанганды үйрөнүшөт.

Бара-бара ата-энесинин, мугалимдердин өтүнүчү боюнча гүлдөрдү сугарып, үй жаныбарларын бакканды, оюнчуктарды киринтип, кийимдерин жууп тазалап, жаңы кийимдерди тигип кийиндирүү, жасалгалоо аларга кубаныч тартуулайт. Бул аткарылган иш-аракеттер балдардын тулку боюнун ой жүгүртүүсүнүн өсүп өнүгүшүнө улуулардын берген тапшырмаларын жоопкерчилик менен аткарып, милдетин сезип чыдамкайлык сапаттарын калыптандырат.

Эмгекке тарбиялап окутуу байыркы болуп эсептелет. Анын тарбия берүү тармагындагы орду, мүнөзү тарыхый шарттарга байланыштуу белгиленет. Акыл эмгеги менен күч эмгеги болуп бөлүнгөндөн баштап акыл эмгеги башкаруучу таптардыкы, ал эми күч эмгеги эзилүүчү таптардыкы болуп калган.

Эмгек мектептерин түзүү – окутууну өндүргүч күчтөр менен байланыштырып жумушчуларды эмгек жолуна даярдоо Руссо, Песталоцци, Оуэн илим иштеринде чагылдырып, практика жүзүндө ишке ашырууну көздөшкөн. Башкаруучу тап көптөгөн кылымдарга эмгек тарбиясынан четтетилген.

Эмгекке тарбиялоо алгачкы социалист-утописттердин эмгектеринде тарбиялоонун бирден бир негизгиси экендиги жарыяланган. Ошондон улам көптөгөн прогрессивдүү педагогдор жана буржуазиялык коомдогу коомдук ишмерлер Я. А. Каменский, [[Ж. Локк]], Ж. Беллерс, И. Г. Песталоцци, Р. Оуэн, Н. Г. Чернышевский, Д. И. Писарев, К. Д. Ушинский ж. б. баардык балдарды үйдө жана мектепте күч эмгегине аралаштыруу үчүн күрөшүшкөн. Алар күч эмгеги өсүп келе жаткан жаш муундардын ар тараптан өстүрүп, нравалык тарбия берет деп эсептешкен.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004