Мазмунга өтүү

Эмгек өндүрүмдүүлүгү

Википедия — ачык энциклопедия

Эмгек өндүрүмдүүлүгү - өндүрүш процессинде эмгектин натыйжалуулугу.

Продукция бирдигин чыгарууга кеткен убакыт же убакыт бирдиги ичинде чыгарылган продукция көлөмү менен өлчөнөт. Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу - бардык экономикалык формацияларга мүнөздүү объективдүү экономикалык закон. «Эмгектин өндүрүмдүүлүк күчү, - деп жазган К. Маркс,ар кандай шарттар, б. а., жумушчунун орточо чеберчилик даражасы, илимдин өнүгүү деңгээли жана аны технологиялык колдонуу даражасы, өндүрүш процессинин коомдук айкалышы, өндүрүш каражаттарынын өлчөмү жана натыйжалуулугу, табигый шарттар менен аныкталат».

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9