Эмеген мөңгүлөрү

Википедия дан

Эмеген мөңгүлөрү — Ички Теңир-Тоодогу Борколдой кырка тоосуна Кардытоонун ашташкан жериндеги «балык жон» тибиндеги 2 мөңгү.

Чоң Үзөңгү-Кууш суусунун сол куймасы Кичи Үзөңгүкууштун алабында жайгашкан. Төмөнкү мөңгүсүнүн уз. 3,9 км, аянты 7,0 км2; башы деңиз деңг. 4870 м, этеги 3540 м бийиктикте жатат. Жогоркусунун уз. 4,2 км, аянты 6,6 км2, башы деңиз деңг. 4360 м, этеги 3960 м бийиктикте жатат. Э. м-нөн Тасма-Чоң Капчыгай суусунун (Кичи Үзөңгүкууштун алабы) сол курамы – Эмеге башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2