Эмилбек Балтагулов

Википедия дан
Эмилбек Балтагулов
Толук ысымы

Балтагулов Эмилбек Аширбекович

Туулган датасы

28 -сентябрь 1981(1981-09-28) (42 жаш)

Туулган жери

Терек-Сай, Чаткал району, Жалал-Абад облусу

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы

Аспаптары

Комуз

Жанрлары

эстрада

Super.kg: ID 263

Эмилбек Балтагулов (сахнадагы ысымы Эмил Балтагулов) — Кыргызстандык ырчы жана обончу. Белгилүү «Ичпечи, апа» дастанынын аткаруучусу[1]. «Сезим» эстрада тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1981-жылдын 28-сентябрында (азыркы Жалал-Абад облусунун, ошондогу Талас облусунун) Чаткал районуна караштуу Терек-Сай шаарчасында шахтёр менен медайымдын үй бүлөсүндө төрөлгөн[2].

Атасы Балтагулов Аширбек Кочкорбаевич "Эти бакыр" түрк фирмасында геолог (разведчик), ал эми апасы Торобекова Рысбүбү Рахмановна ооруканада медайым (рентген лаборанты) болуп эмгектенет.

Кичинекей Эмилбек чоң энеси Гулайым апа иштеген "Солнышко" балдар бакчасына 1984-жылы, ал эми А.С.Макаренко атындагы орто мектепке 1-класска 1988-жылы барган. Ошондой эле бир канча мектепте окуган, Сумсар шаарчасы "Сумсар" орто мектеби, Шекафтар шаарчасы "Ю.А.Гагарин" орто мектеби, Ак-Башат айылы "Ак-Башат" орто мектеби, Чаткал району "Сары-Камыш" орто мектеби, Ысык-Ата району "Айдаркан Молдокулов" орто мектеби[3].

  • 1999-жылы Ош Мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүнө тапшырып, 2004-ж ийгиликтүү артыкчылык (кызыл) диплому менен аяктаган.
  • ОшМУдагы ийгиликтери: ОшМУнун студенттик "Элдик театрында" актёрдук өнөр жагынан Асан Аманов, Алымкул Исаков, Солтобай Кулбаевдерден тарбия алып, Мар Байжиевдин "12-күн" спектаклинде студент Аскар Аламолдоевдин ролунда жана Мар Байжиевдин "Окуя" драмасында ойногон.
  • Рыспай Абдыкадыровдун ырларын ырдоо конкурсунда баш байгени жеңип алып эки жыл атайын стипендия менен сыйлынган.
  • Вокалисттер аралык "Мыкты аткаруучу-2000" классика конкурсунда 2-орунду ээлеген.
  • ТҮНДҮК Кипр мамлекетинде өткөн "Улуттар аралык классика-2004" фестивалынын лауреаты болгон.
  • Ишмердиги:
  • 2004-2007-ж Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинин окутуучусу кызматында,
  • 2010-2011-ж Чаткал районунун Терек-Сай шаарчалык маданият үйүнүн көркөм жетекчиси кызматында,
  • 2013-2019-ж Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисти,
  • 2015, 2017-жылдары ошол эле филармониянын директорунун орун басары кызматында,
  • 2016, 2018-2019 окуу жылдарында √24-жалпы билим берүүчү Гүлнара Бакиева атындагы орто мектепте окутуучу,
  • 2019-жылдын 14-январынан тарта Сузак райондук балдардын билим берүү борборунун "Жаш талант" музыкалык ийриминин жетекчиси кызматында,
  • 2019-жылдын 24-июнунан тартып Жалал-Абад маданият техникумунун директору (министр А. Жаманкуловдун буйругу менен),
  • 2021-жылдын 28-октябрынан тартып Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын директору (министр А. Жаманкуловдун буйругу менен) .
  • 2022-ж ноябрь айынан тартып Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору (министр А. Максутовдун буйругу менен)[4][5]

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Катышкан жана ийгиликке жеткен конкурс, фестивалдары:
  • “Жалал-Абад азем түндөрү-2002” (жаңы ырдын премьерасы номинациясынын ээси).
  • "Шамшыкал - 2003" (3-орундун ээси).
  • “Ысык-Көлдө кадыр түн - 2003" эл аралык фестиваль. (Кызыктыруучу акчалай сыйлык.)
  • "Ысык-Көл 2011, 2012", (Кызыктыруучу акчалай сыйлык).
  • Москва шаарындагы жыл сайын өтүүчү улуттар аралык "Мавлид" ыйман кечеси концерттик фестивалынын бир нече жолку катышуучусу.
  • Америка Кошмо Штаттарынын Иллинойс, Техас жана Калифорния штаттарында, Түркиянын Стамбул, Бурса, Эскишехир, Биледжик, Балыкесир ж.б шаарларында, Өзбекстандын Ташкент, Фергана шаарларында, Казахстандын Астана, Алма-Ата, Караганда шаарларында, Украинанын Киев шаарында, Россия федерациясынын Москва, Ростов-на-Дону, Самара, Уфа, Магнитогорск, Екатеринбург, Тюмень, Омск, Новосибирск, Красноярск, Братск, Абакан, Иркутск, Улан-Уде, Чита, Хабаровск, Владивосток шаарларында өз өнөрүн тартуулап, улуттук, элдик жана өзүнүн автордук чыгармаларын аткарып, өзү түптөгөн Сезим эстрада тобун жетектеп Кыргызстандын атынан гостролдоп келген.
  • Сыйлыгы: 2017-жылы жубайы Гүлгүнай Жумабекова менен биргеликте КР маданиятынын мыкты кызматкери төш белгисине ээ болушкан.
  • Ардак грамоталары:
  • КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин ардак грамотасы-2011.
  • КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу лкүлү (губернаторунун) ардак грамотасы-2017.
  • Ош шаардык депутаттар кеңешинин ардак грамотасы-2018.
  • Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин ардак грамотасы-2015.
  • Сузак районунун билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы-2019.
  • Гульнара Бакиева атындагы 24-мектептин ардак грамотасы-2019.
  • Жалал-Абад областтык профсоюздук Кеңешинин ардак грамотасы-2020.
  • ЧАТКАЛ райондук мамлекеттик администрациясынын "Чаткал сыймыгы" номинациясынын ээси-2018.
  • КТРК Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын медальону-2015.
  • Маданияттын мыкты кызматкери-2017
  • КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Ардак-грамтотасы-2018 (сууга аккан адам өмүрүн сактап калгандыгы үчүн)
  • Э. БАЛТАГУЛОВ 5 дастандын 70тен ашык обондун автору.
  • Белгилүү дастандары:
  • 1.Ичпечи апа дастаны (с. Жеңишбек Жумакадыр, об. Эмил Балтагулов) ·
  • 2. Сокурдун арманы (с. Жеңишбек Жумакадыр, об. Эмил Балтагулов) ·
  • 3. Кечирчи балам (Ичпечи апанын уландысы с.о. Эмил Балтагулов) ·
  • 4. Төрөлбөй калган баланын арманы (с. Рахман Разыков, об. Эмил Балтагулов) ·
  • 5. Абактагы кишинин арманы (с. элдики, об. Эмил Балтагулов)

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

*Балдарымдын апасы (с. об. Эмил Балтагулов)

*Я расул Алла (с. Жеңишбек Жумакадыр, об. Эмил Балтагулов)

*Аминам, Мадинам (с.о.Эмил Балтагулов)

*Аталарды урматтайлы, барктайлы (с. об. Эмил Балтагулов)

*Энекем сенсиң сыйлаарым (с. об. Эмил Балтагулов)... ж.б

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы — Гүлгүнай Жумабекова (5-апрель, 1986)[2]. Амина жана Мадина аттуу 2 кыздын жана 1 уулдун атасы.

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. «ИЧПЕЧИ, АПА» - Супер-инфо (кырг.). Super.kg (1 -февраль (бирдин айы) 2007). Текшерилген күнү 24 -ноябрь (жетинин айы) 2022.
  2. 2.0 2.1 Эмил Балтагулов, Гүлгүнай Жумабекова: «БИЗ ТААРЫНЫШСАК, БАЛДАРЫБЫЗ АРКЫЛУУ СҮЙЛӨШӨБҮЗ» (кырг.). Super.kg (14 -ноябрь (жетинин айы) 2011). Текшерилген күнү 24 -ноябрь (жетинин айы) 2022.
  3. Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6
  4. Певец Эмильбек Балтагулов возглавил филармонию в Джалал-Абаде (орус.). Kabar.kg (15 -ноябрь (жетинин айы) 2022). Текшерилген күнү 24 -ноябрь (жетинин айы) 2022.
  5. Ырчы Эмилбек Балтагулов Жалал-Абаддагы филармонияга жетекчи болуп дайындалды (кырг.). Serep media (14 -ноябрь (жетинин айы) 2022). Текшерилген күнү 24 -ноябрь (жетинин айы) 2022.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]