Эмилбек Каптагаев

Википедия дан

Каптагаев Эмилбек Саламатович (18. 6. 1957-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чок-Тал айылы) – мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер. Кыргыз Республикасынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Физика-математика илимдеринин кандидаты. 1980-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин бүтүргөн. 1980–91-жылдары Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Физика жана математика институтунда инженер, кенже илимий кызматкер, 1991–93-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында топтун башкы адисижетекчиси, Кыргызстан КП БКнын 2-секретарынын жардамчысы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик контракт комитетинде бөлүм башчы, Соода жана материалдык резерв министринин орун басары, 1993–94-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы, 1994–96-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, 1996–99-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, 1999–2002 -жылдары Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатордун 1-орун басары, 2002–04-жылдары Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким, 2004— 10-жылдары «Улуу Биримдик» улуттук-демократиялык партиясынын төрагасы, «Ысык-Көл» биосфера аймагынын генералдык дирекциясынын директору, 2010–11-жылдары Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, аппарат жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрация башчысы, 2011-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси. 2013-жылдан  Ысык-Көл облустук администрациясынын башчысы. Э. Каптагаев – 2010-жылы 7-апрелде Элдик революцияны уюштуруучулардын жана өлкөнүн парламенттик башкаруу системасына өтүшүн ишке ашыргандардын бири. Илимий жана саясат маселелери боюнча 70ке жакын эмгектин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]