Эмиль Дюркгейм

Википедия дан
Emile Durkheim
Туулган жылы:

15 -апрель 1858(1858-04-15)

Туулган жери:

Эпиналь, Франция

Каза болгон жылы:

15 -ноябрь 1917(1917-11-15) (59 жаш)

Каза болгон жери:

Париж, Франция

Өлкө:

Франция

Илимий чөйрөсү:

Социология

Альма-матер:

Жогорку нормалдуу мектеп(Париж)

Илимий жетекчиси:

Эмиль Бутру, Фюстель де Куланж

Белгилүү окуучулары:

Марсель Мосс

Белгилүү болгондугу:

Социологияны өзүнчө илим кылып бөлүп чыгарган жаратуучу

Белгилүү болгондугу:

Социологияны өзүнчө илим кылып бөлүп чыгарган жаратуучу

Эмиль Дюркгейм (франц. David Émile Durkheim; Чын Куран айынын 15, 1858, Эпиналь, Франция — Жетинин айынын 15, 1917, Париж, Франция) – француз социологу жана философу, Францияда «Социологиялык жылнаама» (1896–1913) журналын басып чыгаруучу.

Көз карашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дюркгеймдин ою боюнча, социологиянын предмети болуп, буга чейин эч бир илим изилдеп көрбөгөн өзгөчө реалдуулук эсептелет. Анын негизин түзгөн «социалдык фактылардын» мүнөздүү белгилери – индивидке көз карандысыз болгон жана ага таасир бере алган объективдүүлүк. Ушундай ырааттуулукта жөнгө салынган адамдардын коомдогу жүрүм – туруму жекече себептер жана факторлор менен эмес, ар бир адамга тигил же бул иштерди жасоого шарт түзгөн социалдык факторлордун жыйындысы менен аныкталат. Дюркгейм социалдык фактыларды коомдун «материалдык субстратын» (калктын жыштуулугу, адамдардын өз ара пикир алышууларынын интенсивдүүлүгү; жол катнаштарынын болушу ж. б.) түзгөн морфологиялык жана рухий, материалдык эмес (жыйындысы коллективдүү же жалпы аң – сезимди түзгөн «коллективдүү көз караштар») фактылар деп бөлүштүргөн. Дюркгейм биринчи ирээтте коллективдүү аң-сезимдин, анын ар кыл формаларынын (диндин, моралдын, укуктун) маанисин изилдеген. Дюркгеймдин концепциясы социологиядагы индивидуалистик номинализм жана социалдык атомизм мүнөздүү болгон психологизмге каршы багытталып, ал коомдук тилектештик идеясын негиздөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Дюркгеймдин бүткүл чыгармачылыгы мына ушул идеяга арналган.

Негизги чыгармалары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Коомдук эмгектин бөлүнүшү жөнүндө» (1893),
  • «Социологиянын методу» (1895),
  • «Өзүн өзү өлтүрүү» (1897),
  • «Диний турмуштун эң жөнөкөй формалары» (1912).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]