Мазмунга өтүү

Эмфизема

Википедия — ачык энциклопедия

Эмфизема өпкөнүн (гр. emphysema - аба толуу) - өпкөнүн патологиялык процессте абанын ашыкча топтолушу менен мүнөздөлгөн жабыркашы.

Анын тубаса, кийин пайда болгон, чектелген, жайылган, катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Адамдын тубаса Эмфиземасы ферменттердин бири жетишпегенде, кийин пайда болуп, катуу кармаган Эмфизема бронх өткөөлүнүн бузулушунан (мис., бронх астмасы) болот. Өнөкөт жайылган (диффузиялык) Эмфизема көбүнчө өнөкөт бронх астмасынын, бронхиттин, пневмосклероз же пневмокониоз ж. б. оорулардын кабылдоосу катары пайда болот. Мында өпкө чоңоет, альвеола тосмолору жукарат. Оорулуу жөтөлөт, энтигет. Күчөгөндө өпкө жана жүрөк начарлайт. Дарылоодо спазмга каршы, какырык чыгаруучу дарылар, антибиотиктер, кычкылтек менен дарылоо, дене тарбия ж. б. колдонулат. Алдын алууда дем алуу системасынын өнөкөт ооруларын өз убагында дарылоо зарыл.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4