Эмчилик

Википедия дан

Эмчиликмедициналык билими жок кишилердин, илимий негизделбеген ыкмалар менен дарылоо жүргүзүүсү.
Ал адам коомунун алгачкы мезгилинде пайда болгон. Адегенде эмчилик элдик медицинадан бөлүнгөн эмес.

Эмчи[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмчи - домчулардын колдонгон кээ бир дары каражаттарында жана ыкмаларында пайдалуу жактар болуп, алар кийин илимий дарылык ботаниканын, медициналык зоологиянын, терапиянын жана бальнеологиянын келип чыгышына негиз болгон. Эмчи - домчуларга көп учурларда тиричиликте жана коомдук мүнөздө кыйынчылык башка түшкөндө кеңеш сурап кайрылышкан. Бирок, убакыт өткөн сайын кээ бир эмчи - домчулардын жөндөмдүүлүгүн таптык коомдо бийликке пайдаланышкан. Алгачкы коомдо жашаган адамдар бүткүл дүнүйө «жараткандын жакшылыгынан же анын каарынан турат» деп эсептешкен. Адамдын ооруп калышынын себеби «жараткандын» каарына калган, оору «жиберген» деп түшүндүрүшкөн. Оорунун негизин диндик фантазиялык түрдө түшүндүрүү ушинтип пайда болгон.
Коомдун өнүгүшүнүн ар бир жаңы этабында эмчи - домчулуктун мазмуну, калыбы жана түрү олуттуу өзгөрүп турган. Азыркы кезде да медицинада эмчилик эскинин калдыгы катары буржуазиялык жана кээ бир өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө кеңири тараган. Эмчиликтин көрүнүшү өтө ар кыл, ал саламаттык сактоонун деңгээлине, калктын жана жер шартынын өзгөчөлүгүнө, тиричиликте жашап келе жаткан үрп-адатка, жалпы маданияттын деңгээлине, диний көз караштарга жана ишенимдерге жараша болот.

Дарылоо каражаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмчи - домчулар дарылоо каражаттары катары чөптөрдү, табигый химиялык кошундуларды (минералдарды) жана жаныбарлардын этин (суюктуктарын) пайдаланышат. Көпчүлүк учурларда эмчи - домчулар алдоо жолуна түшүшөт. Молдо-бакшылардын дартты алып келген шайтан - шабырды кууп чыгуу үчүн колдонгон «сыйкырдуу ыкмалары» оорулууну айыктырмак түгүл, анын дартын өнөкөт түргө өткөрүп, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Айрым эмчи - домчулар элдик медицинада колдонгон каражаттарды пайдалануу менен оорулууга белгилүү даражада жеңилдик алып келип, айрым учурда ийгиликтерге жетишкен. Мунун эч кандай деле сыйкырчылыгы жок. Эмчи - домчулардын колдонгон негизги каражаты — оорулуунун аң-сезимине таасир берүүсү. Албетте, бул ооруну толук дарылай албасы белгилүү. Бирок, бул ырым - жырымчыл оорулууга психотерапиялык таасир берип, анын организминин ооруга каршы күрөшүүгө күчүн топтойт. Адамдын организмине анын нерв системасынын шыктанышы зор таасирин тийгизет. Дарылоого ишендирүү — илимий медицинада ооруну дарылоо үчүн колдонулуучу эң маанилүү факторлор. Эмчи-домчулардын өзгөчө жугуштуу ооруларды жана патологиялык төрөттү дарылоого аракеттениши өмүргө өтө коркунучтуу.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8