Мазмунга өтүү

Энгельшт Владимир Семенович

Википедия — ачык энциклопедия

Энгельшт Владимир Семенович (1931-ж.т., Фрунзе (азыр Бишкек) ш.) - физик, физика-математика илимдин доктору (1978), проф. (1980), КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйл. лауреаты (1992).

КМУну (1954), ошол эле жерден аспирантураны (1960) бүтүргөн. КМУда ассистент, улук окутуучу, КР УИАда илимий кызматкер, лабораториялык башчысы, 1999-жылдан Ысык-Көл мамлекеттик университетинде кафедра башчысы болуп эмгектенген. Физика тармагында төмөнкү температурадагы плазма жана атом спектроскопиясы боюнча адис. З00дөн ашык илимий эмгектин, а. и. 12 монографиясы жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4