Эндемиялуу ылаңдар
Көрүнүш
Эндемиялуу ылаңдар - топурак, суу жана тоютта малга керектүү заттардын жетишсиздигинен же көптүгүнөн пайда болот.
Алар - гипокабольтоз, эндемиялуу богок, энзоотиялуу атаксия, эндемиялуу энтерит, эндемиялуу остеодистрофия, ошондой эле цинк, марганец ж. б. жетишсиз болгондо пайда болуучу ылаңдар. Кыргызстандын шартында селенит, жез, фосфор, кальций жетишпеген аймактар бар. Ошого байланыштуу республикада жездин жетишсиздигинен пайда болуучу козулардын энзоотиялуу атаксиясы, кальций менен фосфордун жетишсиздигинен эндемиялуу остеодистрофия кездешет. Мындай ыландар толугу менен изилдене элек.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4