Эндик
Эндик (Macrotomia) - өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумунун уруусу.
Көп жылдык катуу түктүү чөп. Тамыры жоон, тик, кыпкызыл боёктуу. Тамырлаш жалбырактары да, сабагы да кеп. Гүлү тыгыз жайгашып, тогологураак топ гүлдү түзөт. Гүл коргону беш бөлүктүү, гүлү туура түзүлүштүү, жедекчеси түтүкчөлүү. Мөмөсү - жаңгакча. Орто Азияда жана Кавказда 4 түрү, анын үчөө Кыргызстанда өсөт. Боёочу Эндик республиканын тоолорунун таштак беттеринде, аска-зоолордун жаракадарында кенен таралган. Угам Эндики Талас, бозомук Эндик Алай тоо кыркаларында өсөт. Кыргыздар эзелтеден эле Эндиктин куйрук май, кымыз кошуп ачытылган тамырын косметикалык каражат катары колдонушкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.