Энергиянын сакталуу закону

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Энергиянын сакталуу закону - табияттын негизги жана жалпы закону.

Энергиянын, импульстун, кыймыл санынын моментинин жана электр заряддарынын сакталуу закондору бардык бөлүнгөн системалар үчүн негизги актуалдуу закондор болуп эсептелет. Мындан тышкары жаратылышта чектелген системалардын класстары жана кубулуштары үчүн гана аткарылуучу сакталуу закондору да бар. XX -кылымдын башында салыштырмалуулуктун атайын теориясынын ачылышына байланыштуу, энергиянын жана массанын сакталуу закондору түп-тамырынан бери кайра карап чыгылган. Нерсенин кыймылы жарыктын ылдамдыгына жакын ылдамдык менен кыймылдаган учурдан тартып, классикалык (Ньютондук) механика, релятивдик механика менен алмаштырылды. Нерсенин инерция касиети менен аныкталган массасы, анын ылдамдыгына да көз каранды болуп, масса материянын санын гана мүнөздөгөн энергия түшүнүгү да өзгөрүп: толук энергия (Е) массага пропорциялаш Е=mс2. Ошондуктан, салыштырмалуулуктун атайын теориясында Энергиянын сакталуу закону табигый түрдө классикалык механикада өзүнчө жашап келген массанын жана энергиянын сакталуу закондорун бириктирди. Сакталуу закондору элементардык бөлүкчөлөрдү бөлүп караганда да чоң мааниге ээ болот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4