Энергосистема

Википедия дан

Энергосистема, жалпы энергетика системасы, энергетиканын бириккен системасы - бардык түрдөгү энергетика ресурстарын алуу, өзгөртүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу методдорунун, ошондой эле керектөөчүлөрдү энергиянын бардык түрлөрү менен жабдууну камсыз кылуучу техникалык каражаттардын жана уюштуруу комплекстеринин жыйындысы.

Кээде Энергосистема энергетиканын чоң системалары деп да аталат; алар баскычтуу (иерархиялык) структурага ээ, анын колдонуу деңгээлдери - өлкө (мамлекет), район, ири өнөр жай, транспорт же айыл чарба түйүнү жана айрым ишкана. Адатта өлкөлүк деңгээлге бирдиктүү энергетикалык системалар, бир канча райондук деңгээлге бириккен энергетикалык системалар, бир районго - райондук Энергосистема, башка системалар менен байланышта болбогон объектинин деңгээлине автономиялуу Энергосистема туура келет. Энергосистеманын түзүүчүлөрүнө төмөнкүлөр кирет: электр энергетика системасы, нефть жана газ менен жабдуу системалары, көмүр өнөр жай системасы, ядро энергетикасы. Негизги элементтери менен байланыштары Энергосистеманы түзгөн жана үзгүлтүксүз өнүгүүчү энергетикалык чарбанын статикалык мүнөздөмөсү болуп саналуучу энергетикалык баланс болууга тийиш.

Энергосистеманы башкаруу кибернетиканын методдорунун жана техникалык каражаттарынын жардамы менен энергетиканын чоң системасын максаттуу багыттагы оптималдуу аракетке келтирет. Башкарууга чечимди оптималдаштыруу, б. а. системанын эң жакшы планын аныктоо, бул планды ишке ашыруу, б. а. конкреттүү шартта планды ишке ашыруу кирет. Энергосистеманын иштеши энергетикалык ресурстун запасын пайдалануу даражасына жараша болот. Энергосистема бир борбордон башкарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.