Эне-Сай кыргыздарынын жазуусу жана тили

Википедия дан
Энесай кыргыздарынын жазуусу жана тили‎»‎ барагынан багытталды)

Эне-Сай кыргыздарынын жазуусу жана тили - Алтай тоосунун Түндүк чыгыш жагын жана Эне-Сай дарыясынын жогорку агымын бекемдеп, мамлекет курган кыргыздар V к. өздөрүнүн жазуусун жаратат. Америкалык изилдөөчү Каннен Катиснер "Дүйнө тилдери" деген чыгармасында: "Азыр биздин билгендерибизге негизденгенде, эң байыркы түрк эли – кыргыздар. Алардын жазуу эстеликтери мындан 2000 жыл мурда эле бар болчу", - деп жазган. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак Эне-Сай кыргыздары эң бери дегенде эле б.з. V к. баштап байыркы Фарсиянын (Арсакит империясынын) Арамей жазуусуна негизделген бир түрдуү жазууну колдонгон. Бул жазуу жаңы эрадан илгерки замандарда, тагыраак айтканда мындан 2800-ж. мурда келип чыккан, жаңы эранын башталышында Кичи Азия, Месопотамия, Египет (Мисир), Борбордук Азия өндүү чөлкөмдоргө тараган. Еврейлердин, арабдардын азыркы тамгалары деле арамей жазуусунун өз тилдеринин ылайыкталган түрү. Бул жазуу жаңы эранын V к. Эне-Сай кыргыздарына да тараган. Эне-Сай жазууларында 39 тамга болгон (анын бешөө үндүү). Кийин кыргыздардан Көк Түрк кагандыгьша, алардан кийин уйгурларга, басмылдарга таратылган. Ошентип алымча-кошумчаланып, өзүнө ылайыкталган, байыркы кыргыз жазуусу "Эне-Сай жазуусу" деп аталган. "Орхон-Эне-Сай" жазуусу, таш жазуу эстеликтери табылгандан кийин (1889-1961-жж.) илимде кеңири белгилүү болду. Таластан табылган он төрт таш жазуу, аларга окшош Эне-Сай, Орхон таш жазуулары Түрк кагандыктарынын доорундагы окуяларды чагылдырат. Ошондукган алар "байыркы түрк жазуусу" деп да аталат. Кээ бир окумуштуулар (Старленберг, Мессершмид) байыркы кыргыз жазуусунун байыркы Түндүк Европада колдонулган руна жазуусу менен окшоштугуна карап аны "руна сымал жазуу" деп аташкан. Өздөрүнүн жазуусун түзгөндүгү байыркы кыргыздардын жана башка түрк урууларынын маданий жактан жетишкендиктеринин бири болгон. Байыркы эстеликтер VII к. акырына тийиштүү, бирок алар бир кыйла мурун болушу мүмкүн. Бул жазуулардын түрлөрү жолбашчыларга жана атактуу жоокерлерге арналган курулуштардан табылган. Мындай эстеликтер Тувада, Хакасияда, Түндүк Монголияда, Тоолу Алтайда, Якутиянын түштүгүндө, Кыргызстанда Талас өрөөнүндө кеңири жайылган. Жазуулар негизинен өлүктөрдүн мүлктүү абалы, жашы, эрдиги жөнүндө билдирет. XIX к. аягында В.Томсон жана В.Радлов тарабынан окулуп чыккан. Акыры 130 дан ашык эпитафия, бир канча аска жазуулары, темир идиштерге жазылган жазуулары бар бир катар эстеликтер жаңыдан табылды. Байыркы түрк жазуусунун алфавити ошол мезгилдеги тилдин өзгөчөлүк мүнөзүн, ошондой эле таңдай тыбыштарын көрсөткөн. С.Е.Малов мындай деп көрсөтөт: «Бул эстеликтер кыргыздардын, тувалыктардын жана тофалардын (карагастар), а мүмкүн башка бирөөлөрдүн-өлүктөрүнө тийиштүү болуу керек». Байыркы түрк жазууларынын чыгышы жөнүндөгү бир нече көз караштар бар. В.Томсон бул алфавиттин негизи өзүнүн түпкү чыгышы боюнча арамейлик (түздөн түз пехлевий, хорезм жана согдийлик аркылуу) деп божомолдоп, башка белгилердин бөлүктөрү менен толукталган болуу керек деген ой пикирге келген. Н.А.Аристов бул алфавитти түрк элдеринин эн тамгаларына жакындаштырат. Бул жазманы идеографиялык далилдөө менен караган Е.Д.Поливановдун көз карашын да эске алуу туура болот. С.В.Киселев: «Орхон жазуусу башка жазуулар менен канчалык аралашкан болсо, жергиликтүү жазуулар менен да ошончолук аралашкан» деп жазган. Бул жазуулар Эне-Сайда жана Селенгада (анын куймасы Орхон) пайда болгон деп божомолдоого болот. А.М.Щербак, тескерисинче, байыркы түрк (руникалык) жазуу Талас суусунун боюнда пайда болуп, түрлүү өзгөрүүлөр менен батышка (печенег жазуусу) жана чыгышка (Орхон-Эне-Сай жазуусу) таркаган деген пикирди айткан. Чындыгында бул алфавит батыш тарапка Эне-Сайдан таркаган. Түрк урууларынын тил жазмасы биздин замандын миңинчи жылдарынын аягында бирдиктүү системаны түзгөнү менен, анда урук-уруучулуктун диалектеринин белгилери болгондугу билинип турат. Бирок ошол убактагы катчылар бул карама-каршылыктарды жымсалдоого аракеттенишкен. Бул айырмачылыктарга карабастан, эстеликтер боюнча байыркы кыргыз тилин иликтөөгө мүмкүн. Байыркы кыргыздар «таг», «суб» – деп сүйлөшкөн, азыр – «тоо», «суу» ж. б. Тилде «Ж» үнсүзү болгон эмес («йок» – деп сүйлөшкөн азыр – «жок» ж. б.). Эстеликтерде кең үнсүздөрдүн айтылышы аффиксалдык үнсүздөрдүн өзгөрүштөрү («колго» дебестен «колга» «таштар» эмес «ташлар» – ж.б.у.с.) берилген эмес. Өткөн миңдеген жылдар ичинде көп жаңы сөздөр пайда болуп, мурункулардын бир кыйласы жоголот. Тилдин байыркы грамматикалык түзүлүшү да өзгөрүлгөн (мурунку грамматиканын негизи сакталганы менен жаңы элементтер пайда болгон).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010