Эне-Сай кыргыздарынын согуш иши жана куралдары

Википедия дан

Эне-Сай кыргыздарынын согуш иши жана куралдары - Эне-Сай кыргыздарынын аскердик күч кубатынын негизин атчандар түзгөн. Алардын жарактуу аскеринин саны 80000 жоокерге жеткен. Бул цифра балким, апыртылып көрсөтүлгөн деп айтсак да болот, бирок Эне-Сай кыргыздарынын жоокерлери өз мезгилинде көп санда болгон. Кыргыздардын атчан жоокерлери өтө шамдагай келип, узакка жүрүүгө жана табигый тосмолордон өтүүгө жөндөмдүү болушкан. Мисалы, кыргыз каганаттары менен уйгурлардын күрөшүнүн өтө курчуп турган мезгилинде кыргыз атчандары Саян тоо кыркаларынын тоо капчыгайларынан өтүп, Тува жана Монголиянын ээн талааларынан чыгып, кыска мөөнөттө Орхон дарыясынын бассейинине жетишкен. Бул согуштарда кыргыз жоокерлери курчоо жана штурмалык иштерди колдонууну билишкендиктен Борбордук Азиядагы уйгурлардын баардык шаар чептерин чабуул коюу менен ээлешкен. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөндөй чабуул коючулар ири жоготууга учураган. Кыргыз атчандары жебелүү жаалар, кылычтар, найзалар менен куралданган. Душмандар менен беттешип согушканда канжарлар ишке киргизилген. Эне-Сайлык кыргыздар тарых аренасындагы, өзүлөрүнүн күнүлөштөрү – борбордук жана орто азиялык түрктөр, сыяктуу согуштук ыктарды кеңири колдонуп, жаадан эң мыкты ата билишкен. Эне-Сайлык кыргыздардын тибиндеги жаалар, татаал жаалардын катарына кирген. Археологиялык табылгалардын ичинен темир учтуу жебелер табылган, алардын бир тобу сейрек табылган табылга катарында музейге түшкөн. Өтө көп түрдөгү байыркы кыргыздардын темир учтуу жебелери бир катар типтерге бөлүнөт. Эне-Сай кыргыздарынын тарыхынын алгачкы мезгилинде VI-VIII кк. алардын курал жасоочу чебер усталары учтуу жебелерди үч кырдуу же үч сайлуу кылып жасашкан.

IX-X кк. үч сайлуу жебелер согуш куралы болуп кала берген, бирок кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көпчүлүгү ромба түрүндөгү же ромба формасында кесилген жебелердин жалпак учтарын жасоого өтүшөт. Жебенин учтарынын бул формалары кийинки мезгилдеги XIII-XIV кк. монголдук жебелердин учтарынын негизи болгон, ал эми Улуу алкактын талаарандагы көчмөндөрдүн көпчүлүгүндө мындай жебелер кийинки эле мезгилдерге – XVII-XVIII кк. чейин колдонулуп келген. 
Байыркы кыргыздардын атчан жоокерлери катышкан көп салгылашууларда Орто-Эне-Сайдын усталары жасашкан эки мүйүздүү жалпак кылычтар колдонулган. Бул кылычтар өтө массивдүү, үзүн(90 см чейин) болгон. Эне-Сайлык кыргыздардын канжарлары үч бурчтук кесилген формада болгон. Хакасиянын Уйбат чаатасындагы мүрзөлөрдүн биринде табылган байыркы кыргыздардын канжары өтө кызык. Ал канжардын сабы мизине карата ийилип турат. Мындай жасалган канжарлар б. з. VII-VIII кк. байыркы түрктүк таш оймолордон кездешкен. Кыргыздардын найзасынын учу массивдүү болуп, атчан салгылаштарда колдонулган. Байыркы кыргыздардын Хакасия жана Тува комплекстеринин ичинде найзалардын учтарынын табылгаларынын аз кездешкендиги, найза согуш куралдарынын массалык предметтерине сейрек киргендигин билдирет. 

Эне-Сайлык кыргыздардын жоокерлери коргонуучу куралдар менен да жабдылган. археологиялык обңектилер бул жазуу маалыматтарын аныктайт. Сулек жазуусунда сүрөттөлгөн атчандардын көкүрөгүн жапкан тегерек калкан, ийиндерин сактаган узун калкандары болгондугун: белгилүү көпен релңефтеринде тизе калкандары бар атчандар бар экендигин көрөбүз. Хакасия жан Тувадагы көптөгөн археологиялык табылгалар Эне-Сайлык кыргыздарда дагы бир коргонуу куралы – төрт бурч жалпак темирден жасалган сооттор болгондугун далилдейт. Сулек жазуусуна сүрөттөр жана Ташебин чаатасындагы бир мүнөздөгү сүрөтөөлөр боюнча алып караганда соотор брондоштурулган көйнөккө окшоп тизеге чейин жеткен. Археологиялык комплекстер Эне-Сайлык кыргыздардын согуш аттарынын жабдууларын мүнөздөөчү материалдарды берет. Ат ооздуктар көбүнчө «S» формасында болуп, малдын башына жараша чоңойтулган. ошону менен Сак заманына – Сибирь менен Борбордук Азиянын тарыхынын ошо доорун тийиштүү өтө байыркы турмушун көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010