Эол процесстери

Википедия дан

Эол процесстери — шамалдын аракети менен байланышкан геологиялык процесстер.

Ал өзүнө: үбөлөнүү материалдарын учуруу, жер бетине чыгып калган тоо тектерди шамал учуруп келген катуу бөлүкчөлөрдүн жышуу, эол материалдарын учуруп келүү жана топтоону камтыйт. Алардан рельефтин өзгөчө формалары - эолдук рельеф калыптанат. Эол процесстери борпоң чөкмө каптап жаткан бардык жерлерде (мис., дарыянын кумдуу жээктеринде), айрыкча чөлдөрдө күчтүү жүрөт. Абасы кургак келип, температурасы кескин өзгөрүлгөндүктөн жана өсүмдүк кыртышы жок болгондуктан чөлдө физикалык үбөлөнуу тез жүрөт. Үбөлөнүүдөн пайда болгон материалды шамал учуруп кетип, тоо тектин андан ары үбөлөнүшүнө шарт түзүлөт. Айрым жерлерде майда бөлүкчөлөрдү шамал учуруп кеткенден кийин калып калган ири тоо тек сыныктары жер бетин каптап калат да, андан ары тоо тектерди үбөлөнүүдөн сактайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4