Мазмунга өтүү

Эпарсе аралдары

Википедия — ачык энциклопедия
Франциянын түштүк жана Антарктика аймактарынын расмий желеги

Эпарсе аралдары (Чачыраган аралдар, фр. Îles Éparses же Îles éparses de l'océan Indien) — Реюньондон башкарылган Франциянын түштүк жана Антарктика аймактарынын курамына кирген[1], Инди океанында жайгашкан ээн (эл жашабаган) аралдар. Тромлен аралынан башка аралдары Африка менен Мадагаскардын ортосундагы Мозамбик кысыгында жайгашышкан[2].

1892-жылы Франциянын колониялык аймактарына интеграцияланып, 1912-жылдан баштап «Мадагаскар жана көз каранды аймактар» колониясына кошулган. Кокос, канаттуулардын кыгын жана гуано жыйноо максатында Европа, Жуан-ди-Нова, Глорьёз аралдарына элдер келип отурукташа башташкан.

Аралдардын курамы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курамына коралл аралдарын камтыйт:

  • Гейзер рифи (Мадагаскар жана Коморлор ортосунда талаштагы риф)
  • Бассас-да-Индия (Мадагаскар менен талаштагы аралдар)
    • 10 аты жок аралдар
  • Европа (Мадагаскар менен талаштагы аралдар)
    • Европа аралы
    • 8 аты жок аралдар
  • Глорьёз (Мадагаскар менен талаштагы аралдар)
    • Grande Glorieuse
    • Île du Lys
    • Wreck Rock
    • South Rock
    • Verte Rocks (3 аралча)
    • 3 аты жок аралдар
  • Жуан-ди-Нова (Мадагаскар менен талаштагы арал)
  • Тромлен (Маврикий менен талаштагы арал)

Тромлен (фр. Tromelin) аралы расмий түрдө 1722-жылы ачылган. 1761-жылы бул аралдын жанында кеме менен болгон кырсык болгон. Кемедеги 125 адам жана 89 малагасий кулдары кеменин калдыктарынан чакан кайык жасашып ушул аралга сүзүп келишкен. Эки айдан соң аралдагы адамдар, аралга 60 кулду калтырышып, кийинчерээк аларды алып кетебиз деп убадалап кетишкен[3]. Бирок аралда калтырылган адамдар унутта калган. 15 жылдан кийин, 1776-жылдын 29-ноябрында, француз аскер-деңиз флотунун лейтенанты Тромлен «Ла Дофин» кемеси менен аралга келген, аралда калган 60 адамдын арасынан жети аял менен сегиз айлык ымыркай гана калганын байкаган[4]. Ушул убактан тартып арал лейтенант Тромлендин урматынан «Тромлен» деп аталып калган.

Европа аралы (фр. Europa) өз аталышын 1774-жылы бул аралга келген британиялык «Европа» кемесинин аталышынан алган. 1897-жылдан бери арал Францияга таандык. Бирок Мадагаскар аны өзүнө таандык деп эсептейт, анткени арал Мадагаскар Франциянын колониясы болгон учурда анын курамында болуп, көз карандысыздык жарыяланар алдында гана административдик түрдө бөлүнүп чыккан. Аралда 1860-жылдары жана 1920-жылдары калктуу жайга айлантуу аракети жасалганы белгилүү, бирок алар ийгиликсиз болгон. Бул тууралуу аралда калган урандылар менен көрүстөндөр күбөлөндүрөт[5].

Бүгүнкү күндө Европа аралы жаратылыш коругу болуп эсептелет. Бул жерде көптөгөн деңиз куштары уялашат. Арал, жашыл деңиз ташбакалары (Chelonia mydas) төлдөгөн дүйнөдөгү эң маанилүү аймактардын бири болуп саналат. Таш бакалар өз жумурткаларын аралдын жээгине туушат. Мындан тышкары, бул аралгда XVIII кылымда адамдар тарабынан алып келинген африкалык эчкилерди кездештирсе болот.

Бассас-да-Индия (фр. Bassas da India) — Мадагаскар менен Мозамбиктин ортосунда, Инди океанынын түштүк бөлүгүндөгү Мозамбик кысыгында жайгашкан, жанар тоо тектүү, ээн (элсиз) аралдардын тобу. Ал Европа аралынан 80 чакырым түндүк тарапта жайгашкан. Жалпы аянты — 0,2 км², жээк сызыгынын узундугу — 35,2 км. Бул арал океандын түбүнөн 3000 метрге көтөрүлгөн суу алдындагы тоонун чокусу, анын үстүңкү бөлүгү океандын бети менен дээрлик бир деңгээлде. Деңиз суусунун мезгил-мезгили менен көтөрүлүшүнүн негизинде аралдагы рифтер толугу менен суу астында калып турат. Деңиз суусунун мезгил-мезгили менен көтөрүлүшүнүн натыйжасында бул аймакта көптөгөн кемелер кырсыкка учураган жана бүгүнкү күндө алардын калдыктары аралдын айланасында сакталып калган.

Аралдагы эң бийик чекити 2,4 м, ал эми эң төмөнкү чекити Инди океанынын жээги же 0 м. Климаты тропикалык, циклондор көп кездешет. Арал XVI кылымда португалиялык саякатчылар тарабынан ачылып, 1897-жылдан бери Франциянын башкаруусунда.

Аралдар Кургактыктын аянты, км² Лагуналардын аянты, км² Өзгөчө экономикалык

аймагынын аянты, км²

Координаттары
Бассас-да-Индия 0,2 79,8 123 700 21°28′ ю. ш. 39°41′ в. д.HGЯO
Европа 28 9 127 300 22°21′ ю. ш. 40°21′ в. д.HGЯO
Глорьёз 5 29,6 48 350 11°33′ ю. ш. 47°20′ в. д.HGЯO
Жуан-ди-Нова 4,4 61 050 17°03′ ю. ш. 42°43′ в. д.HGЯO
Тромлен 1 280 000 15°53′ ю. ш. 54°31′ в. д.HGЯO
Гейзер рифи 12°21′ ю. ш. 46°26′ в. д.HGЯO
Жалпы 38,6 118,4 640 400

Аралдардын карталары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]