Арсен Эралиев
| Арсен Эралиев | |
| Арсен Эралиев (көк түстөгү) Рио 2016 Исмаэля Боррерого каршы чабуулда | |
| Жеке маалыматы | |
|---|---|
| Жынысы |
Эркек |
| Толук аты-жөнү |
Эралиев Арсен Кадырбаевич |
| Жарандыгы | |
| Чеберчилиги | |
| Төрөлгөн датасы | |
| Төрөлгөн жери | |
| Бою |
168 см |
| Салмагы |
59 кг |
| Спорттук чини |
Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери |
| Arsen Eraliev | |
Арсен Эралиев - 1987-жылы 15-майда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулуп-өскөн.Кыргыз балбаны Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
Карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Арсен Эралиев 2006-жылы Таиланддын борбору Бангкокто өткөн уландар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль уткан. 2007-жылы Филиппин өлкөсүнүн Манила шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 1-орунду ээлеп, чемпион аталган. 2007-жылы Кытайдын Бээжин шаарындагы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло байгелүү болгон. 2008-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга арзыган. 2011-жылы Ташкенттеги чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда 55 кг салмакта чемпион аталып, алтын медаль тагынган. 2011-жылы Польшанын Рада шаарында эл аралык турнирде 1-орунду ээлеген.
Арсен Эралиев Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону, ошондой эле 2011-жылы Азиянын чемпиону болсо, 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарына катышып келген.
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Калып:Sports-reference
- Арсен Эралиев Archived 2016-02-03 at the Wayback Machine
- Олимпиец Арсен Эралиев kyrtag.kg сайтында Archived 2016-02-03 at the Wayback Machine