Мазмунга өтүү

Эргеш кызы Умсунай

Википедия — ачык энциклопедия

Эргеш кызы Умсунай Килемчи, саймачы жана термечи, 1948-ж. Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Колхоздо иштеген. 1977-жылдан «Мурас» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде узданат. Умсунай саймачылыгында балыш, жаздык, туштук өңдүү буюмдарды «басма саймасы», «илме дос саймасы», «илме саймасы» аркылуу жүзөгө ашырат да, ага «кайкалак көчөтүн», «кош кайкалак көчөтүн» негиз тутат. Ал эми килемчиликте «чавадан көчөттү», «күйдүргү көчөттү» арбын алат. Арабы (түссүз килем) согуп, ага «омуртка көчөтүн», «ашкана көчөтүн» түшүрөт. Чаваданы кызыл-сарыдан турган «жээк көчөтү» кош кайкалак көчөтүнөн туруп, төрт кайкалак көчөтү бир табакчаны түзүп, өзөгү кереге көздөнүп, «бычак учу» менен бөлүнөт. «Күйдүргү көчөттө» үч табакчанын четинде «куш оюму» көчөт катары берилип, өзөгүнө төрт «кайкалак көчөттү» чалкасынан түшөт. Ошондо эки табакча буюмдун ортолугун пайда кылат. Ал өрмөк аркылуу килем көчөтттөрүн так ошондой бере алат. Эмгектери түстүү баттамада.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Килем буюмдары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРдин 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык кароо-сынагы». Таар, сайма буюмдары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0