Эрен-Улуг

Википедия дан

Эрен-Улуг — кыргыздын эрте орто кылымдардагы элчилеринин бири. 8-кылымда Тибет мамлекетине барган кыргыз элчиси. Анын элчиликке баргандыгы тууралуу маалымат Алтын-Көлдөгү (Хакасия) кыргыздарга таандык таш бетиндеги руна сымал жазма эстеликте (Алтын-Көл II) чагылдырылган.
Эстелик кыргыз каганынан Тибетке элчилик сапар менен барып, белгисиз себептер менен Ата журтуна кайтпай калган Эрен Улукка арналып тургузулган (эстеликтин өлчөмү 1,98 х 46 см, калыңдыгы 18 см). Эрен Улук кыргыздын «болчар» (булсар) уруусунан чыккан. Тибетке элчилик сапар менен баруунун алдында 38 жашта болгон. Көзү тирүү мезгилинде өзгөчө эрдиги үчүн Ынанчу алп титулуна, ошондой эле элчилик даражасына ээ болгондугу айтылат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы энциклопедия.