Мазмунга өтүү

Эригичтик диаграммасы

Википедия — ачык энциклопедия

Эригичтик диаграммасы — теңдештик абалдагы эритме курамынын температура, басым жана башка сырткы шартты мүнөздөөчү параметрлерге көз карандылыгын көрсөтүүчү график. Э. д, химиялык термодинамикада кеңири колдонулуучу диаграммалар бир түрү. Э. д. көпчүлүк учурда кадимки шартта компонеттер бири суюктук болгон системаларга кеңири колдонулат. Буунун басымы эске алынбаса, конденсациялан-ган системалар атм-лык басымдагы эрүү диаграммалары изобаралары болуп эсептелинет. Алар каныккан эритмелер конц. температурага болгон көз карандылыгын мүнөздөйт. Компоненттер бири-биринде толук же толук эмес эриши мүмкүн, такыр эрибеген заттар жокко эсе. Эригичтик диаграммасы эки же үч компоненттүү системалар үчүн да кеңири изилденген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]