Мазмунга өтүү

Эриме

Википедия — ачык энциклопедия

Эриме (калмакча Эрем-Чөл) — "Манас" эпосундагы топоним. Манастын кошуну Бээжинге аттанардын алдында Алмамбеттин айткан сөздөрүндө чөл катары эскерилет:

Уркун улуу дайрадан

Кечип өтсөк таптаза,

Эрименин боз чөлгө,

Быткыл-быткыл көп көлгө,

Жатып алып кол кыштап (Сагымбай Орозбаков, 4. 109).

"Манас" эпосунда көл катары айтылганы да кездешет:

Ылаңүндүн чөлүнө

Лыкылдап биздер келгенде,

Эрименин көлүнө

Эндээлеп биздер келгенде (Сагымбай Орозбаков, 4. 209). Географиялык жактан мурунку Жунгариянын аймагындагы чөл.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4