Мазмунга өтүү

Эритмелер буу басымы

Википедия — ачык энциклопедия

Эритмелер буу басымы – берилген темп-рада эритме менен тең дештикте буунун басымы. Эриткичте кандайдыр бир затты эриткенде анын үстүндөгү буу басымы төмөндөйт. Бул кубулуш закон ченемдүүлүгүн Рауль изилдеп, төмөнкү жыйынтыкка келген: эритменин буу басымы салыштырмалуу азайышы, эриген зат молдук үлүшүнө (N) барабар:

Р0 – Р
——— = N
Р0

Р0 – берилген темп-радагы таза эриткич буу басымы, Р – ошол эле темп-радагы эритме үстүндөгү эриткич буу басымы. Буу басымынын салыштырмалуу азайышы эриткич менен эриген зат жаратылышына жана температурага көз каранды эмес. Рауль законуна баш ийген эритмелер идеалдык эритмелер деп аталат. Аларда бир түрдөгү (А–А же В–В) жана ар түрдүү молекулалар (А–В) ортосундагы өз ара аракеттенүү энергиялары бири-бирине барабар. ЕАА = ЕВВ = ЕАВ. Рауль закону өтө суюлтулган эритмелер үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]