Мазмунга өтүү

Эритремия

Википедия — ачык энциклопедия

Эритремия (гр. erythros-Кызыл) - сөөк чучугундагы Кызыл кан денечелерин (эритроциттерди) пайда кылуучу клеткалардын чексиз көбөйүүсүнө байланыштуу кан системасынын оорусу.

Эритремияда эритроциттердин саны 1 ммъ канда 8 млн жана андан да жогору көбөйүшү мүмкүн. Алардын көп пайда болушу кандын көлөмүн көбөйтүп, басымын жогорулатат. Кан коюуланып, илээшкектиги артат. Кандын айлануусуна каршылык көбөйгөндүктөн жүрөккө күч келип, иштеши начарлайт. Кан тамырлар кеңейип, аларда кан айлануу ылдамдыгы азайгандыктан тромбдун пайда болуусуна шарт түзүлөт. Эритремия менен ооруган кишинин өңү кочкул Кызыл келип, кан тамырлары чыңалат. Боор, кок боор чоңоюп, кан басымынын жогорулашы, тромбоз жана кан агуу, кан куюлуу Эритремиянын мүнөздүү белгилери. Эритремия көбүнчө улгайган адамдарда кездешет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.