Мазмунга өтүү

Эритрея

Википедия дан

Эритрея мамлекети
Калып:Lang-ti
ар. دولة إرتريا
англ. State of Eritrea

Герб
Туу Герб
Мамлекеттик Гимни
Файл:Eritrea on the globe (Africa centered).svg, LocationEritrea.svg и Eritrea (Africa orthographic projection).svg
Эгемендүүлүк күнү 24-май 1993-жыл

Эфиопиядан)

Расмий тили расмий тили жок, тигринья, арабча, англиске, италянча
Борбор шаары Асмэра
Ири шаарлар Асмэра
Эритреянын президенти
{{{Башчылары}}}
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
102 - дүйнөдө
117 600 км²
14,1
Калкы
• Бааланган (2022)
Жыштыгы

6 081 196[1] адам
ад./км²
АДӨИ ( 2020) 0,459 (орточо) (180)
Этнохороним эритреялыктар
Акча бирдиги Накфа
Домени .er
ISO коду ER
ЭОК коду ERI
Телефон коду +291
Убакыт аралыгы UTC +3

Эритрея, расмий түрдө ― Эритрея мамлекети (араб. دولة إرتري, тигринья ሃገረ ኤርትራ, англ. State of Eritrea) — Африканын түштүк-чыгышындагы Кызыл деңиздин жээгиндеги мамлекет. Батышта Судан, түштүктө Эфиопия жана чыгышта Жибути менен чектешет.

Эриятреянын аянты 117 600 км² түзөт. Суу бетинин аянты өлкөнүн аянтынан 14,1% түзөт.

Эритрея тогуз этникалык топто турган, болжол менен алты миллион калкы бар көп улуттуу өлкө[2].

Калктын көпчүлүгүн тиграи (калктын 55%) жана тигре (калктын 30%) элдери түзөт. Калгандары: кунама, сахо, афар, беджа, амхара, нара. Калктын басымдуу бөлүгү ислам жана христиан диндерин, аз бөлүгү салттуу ишенимдерди карманышат.

Азыркы Эритрея, Италия Чыгыш Африкасынын курамына өзүнчө падышалыктарды жана султанатдыктарды кошуу менен түптөлгөн жана жыйынтыгында Италия Эритреясынын пайда болушуна алып келген.

1947-жылы Эритрея, 1962-жылы жоюлган Эфиопия жана Эритрея Федерациясынын курамынада болгон.

1993-жылдын апрелинде Эритреянын көз карандысыздык үчүн согушунун жыйынтыгы боюнча референдум өткөрүлүп, анда жарандардын 99,83% Эритреянын көз карандысыздыгы үчүн добуштарын беришкен[3].

Бул референдумдан кийин да Эритрея менен Эфиопиянын ортосундагы согуш аракеттери уланып, 1998-2000-жылдардагы Эфиопия-Эритрея жаңжалына жана андан кийин Жибути жана Эфиопия менен куралдык кагылышууларга алып келген.

География[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеринин басымдуу бөлүгүн Эфиопиянын бийик тоолору, түштүк-чыгышында Афар ойдуңу, Кызыл деңизинин жээгин бойлото чөл жана саванна табият аймактары ээлейт. Эритрея платосунун эң бийик жери Сойра тоосу (2989 м). Климаты субэкватордук, чөлдүү. Айдын орточо температурасы 23-37°С. Жылдык жаан-чачындын орточо өлчөмү. 50 - 200 мм, Э. платодо 500-850 мм. Тез-тез кургакчылык болот. Негизги дарыясы – Текезе . Чөл жана чөл өсүмдүктөрү, ошондой эле агава, акация, курма, жээктеринде эвкалипт, саваннада баобаб, бийик тоолордо чынар ж. өсүү. Жаныбарлардын түрлөрү абдан бай: бугу, бегемот, тоо теке, илбирс мышык, коён, крокодил, арстан, керик, пил, таш бака, карышкыр, ар кандай маймылдар, кемирүүчүлөр жана канаттуулардын көптөгөн түрлөрү, балыктын 250 түрү кездешет. анын суулары. Пайдалуу кендери - алтын, жез, темир, никель, хром, слюда, титан, мунай, күмүш, күкүрт, калий жана кадимки туздар, магний, мрамор, цинк ж.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аксум падышалыгы азыркы Эритреянын аймагында IV-VII-кылымдарда орун алган. Ислам дини өлкөгө VIII-кылымда келген. XII-XVI-кылымдарда Эритреянын аймагы Эфиопиянын Абиссиния королдугунун бир бөлүгү болгон. XVI-кылымдын ортосунан Осмон султандыгынын карамагында болгон. 1889 - 1941 жж. Италиянын колониясы болгон. 1941-1951 жж. Улуу Британияга багынып берген. 1952 - 62 Эфиопиянын автономдуу облусу, 1962-87-ж. Эфиопия провинциясы, губернатору. аймак болгон. 1962-жылы Эфиопиядан көз карандысыздык үчүн Эритрея Элдик боштондук фронтунун 30 жылдык күрөшүндө 150 000 адам каза болгон. 1991 козголоңчулар Асмараны бошотуп, эфиопиялык аскерлерди өлкөдөн кууп чыгышкан. 1993 Референдумдун жүрүшүндө Эритреянын көз карандысыздыгы жарыяланды. Өлкөдөн чыгып кеткен 500 миңден ашуун качкын өлкөгө кайтып келе баштады. 1997 Е-нин жацы конституциясы кабыл алынды. 1998 2000-жылы Эфиопия менен талаштуу аймак үчүн жаңы согуш башталган. Эритреянын жеңилүүсү менен аяктады. Эки өлкө тынчтык келишимине кол коюшту. Бирок бул согушта эки тараптан тең 10 миң адам курман болуп, экономикага чоң зыян келтирилген. Көптөгөн Эритреялыктар коңшу Суданга, Европа өлкөлөрүнө жана АКШга кетүүгө аргасыз болушкан. Өлкө калкынын 70% эл аралык уюмдардан азык-түлүк жардамын алат.

Экономика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эритрея агрардык өлкө . Өлкөнүн экономикасынын негизги тармагы – а. ш. Курма, буурчак жана май өсүмдүктөрү, жашылчалар өстүрүлөт. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: сорго, таруу, буудай, жүгөрү ж. Бодо мал, кой, эчки, төө, үй канаттуулары өстүрүлөт. Балык суу объектилеринен кармалат. Өнөр жайынын негизги тармактары: нефти казып алуу, текстиль, тигүү, химия, булгаары бут кийим, жыгач иштетүү, цемент, тамак-аш. Туз деңизден өндүрүлөт. Негизги деңиз порттору – Ассеб, Массава . Экспорту - текстиль, тери, булгаары буюмдары, тамак-аш азыктары, суусундуктар, мунай продуктулары, тамеки ж.б. чыгарылат. Башка өлкөлөрдөн машиналар, оор машиналар, транспорт жабдуулары, нефть, азык-түлүк жана мал чарбасы, негизги өнөр жай товарлары, электроника сатып алынат. Калктын жан башына улуттук доход. 1010 АКШ доллары . Негизги соода өнөктөштөрү Эфиопия, Сауд Арабиясы, Италия, Судан, Бириккен Араб Эмираттары .

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. People and Society
  2. CIA — Eritrea — Ethnic groups
  3. Elections in Eritrea

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]