Эритүү (металлургия)

Википедия дан

Эритүү (металлургия) - кенташты жылуулук менен иштетип, андан металлды бөлүп алуу.

Кенташ башка ингредиент менен чогуу атайын мештерде эритилип (ысытылып), натыйжада андан металл эмес компоненттер бөлүнүп алынып, калган металл тазаланат. Мис., домна мешинде темирди эритет, анын кенташы (темир оксиди) кокс жана акиташ менен кошо ысытылат. Оксид көмүртек менен өз ара аракеттенип кошулмалар, көмүр тектин газ сымал оксидин жана кайтадан алынган чоюнду пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4