Мазмунга өтүү

Эркинбаева Офелия Шергазиевна

Википедия — ачык энциклопедия

Эркинбаева Офелия Шергазиевна (1937 -ж. т., Фрунзе ш.) - режиссёр-коюучу. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер(2003).

Ленинграддагы А. Я. Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайында окуган. Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында балет артисти болуп иштеген.

Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуган. 1962-ж. Москвадан A. В. Луначарский атындагы ГИТИСтин актердук факультетин бүтүргөн.

Нарын музыкалык драма театрында артист болуп иштеген.

1970-ж. экинчи жолу ГИТИСте окуп,режиссерлук факультетин бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик академиялык драматеатрында алгач актриса, кийин режиссер-коюучу болуп иштеген.

Кыргыз, орус, башкыр, тува, Ысыккөл, Нарын драма театрларына баш-аягы 60тан ашык кыргыз, орус жана дүйнөлүк драматургдардын пьесаларын койгон.

К. Эшмамбетовдун «Эгизбала», Т. Абдумомуновдун «Малика»,Гоголдун «Женитьба», У. Шекспирдин «Король Лир», К. Чапектин«Эне» , "Ак жол" Мырзабек Тойбаева, ж. б. спектаклдерди, «Бактылуу балалык», «Дарика Жалгасынова» аттуу телефильмдерди койгон.

Бир эле мезгилде Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, кыргыз, орус ака-демиялык театрлардын алдындагы студияларда актердук устаттык боюнча сабак берет. Өзү да пьеса жазат.

2002-жылдан келишимдик негизде Кыргыз улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында режиссер-коюучу болуп эмгектенет. Рахманиновдун «Алеко», Гунонун «Фауст» операсын койду. М. Рыскулов атындагы сыйл. лауреаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы менен сыйланган.

Эралиева Каныкей (1956-ж, т., Акталаа району) - композитор, обончу-аткаруучу. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. (1988).

1976-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык -хореографиялык окуу жайың (баян классында) бүткөн.

4 класста окуп жүргөндө эле «Туулган жер», «Бөбөктөр» деген обондорду чыгарып, ырдаган.

Анын «Сезимдеги издер», «Алатоо», «Апалар», «Аппак тоолор», «Бала жыты», «Айлуу түн», «Акыркы коңгуроо», «Ак чөлмөк», «Бал кымыз», балдар үчүн жазган «Бөбөктөр», «Жаңы жыл жылмаят», «Күлүп кой», «Биздин бакча» ж. б. обондору элге кеңири тараган.

Анын жүздөй романс, обондору, 4 бөлүмдөн турган симфониялык оркестр үчүн сюитасы, чоң хор жана оркестр үчүн кантатасы, фортепьяно үчүн сонатасы, пьеасалары жана скрипка-виолончель, фортепьяно үчүн вариациялары (баш-аягы 350чыгарма) белгилүү.

«Каныкей Эралиева ырдайт» деген 4 топтомдон турган грампластинка чыгарылган. 1986-ж. «Айыл кечи» аттуу обондуу ыр жыйнагы (А. Бөдөшов менен бирдикте),

2003-ж. «Коңур күз» деген жыйнагы жарык көргөн. Бир нече республикалык кароолордун, фестивалдардын лауреаты.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.