Рыскулбеков Эркинбек Ташымкулович
Рыскулбеков Эркин | |
Рыскулбеков Эркин Ташымкулович | |
Ишмердүүлүк тармагы: |
Журналист, Кыргызстандагы UNAIDSтин ЫКТЫЯРДУУ ЭЛЧИСИ |
---|---|
Жарандыгы: | |
Сыйлыктары: |
КР дебат боюнча чемпиону (2012, 2013, 2015) |
Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Рыскулбеков Эркинбек Ташымкулович —1988-жылдын 4-февралында Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айылында төрөлгөн. 2005-жылы Чүй облустук таланттуу балдар үчүн мектеп-гимназиясын "эң жакшы" баасына бүтүргөн.
2010-жылы Кыргыз-түрк Манас университетинин коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн бүтүрүчүүсү. Телевидениедеги ишмердүүлүгүн 2008-жылы Кыргыз Улуттук телеканалындагы Жаштар программаларынын студиясынын серепчиси катары баштап, 2013-жылы КТРКнын Социал-экономикалык, саясий программаларынын редактору болуп дайындалган.
2018-жылдан баштап жана бүгүнкү күндөрү НТС жана 1TVKG каналдарынын эфирлеринде алып баруучулук кызматын аткарып келет. Телевидениеден тышкары радио МИРде таңкы эфирлеринин алып баруучусу катары 2014-жылы иштеген. 2017-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин журналистика кафедрасынын мугалими болуп иштеген.
Долбоорлору[түзөтүү | булагын түзөтүү]
«ЖАШТАР KG», КТРК – алып баруучу
«Түнгө карай», КТРК - автор, алып баруучу
«Телемост Анкара-Баку-Бишкек», КТРК- алып баруучу
«Ой ордо», КТРК - алып баруучу
«Миллионер болгуң келеби?», КТРК - алып баруучу
«Бенефис», КТРК - алып баруучу, тең автор
«КЕРЕГЕ», КТРК - алып баруучу
«Жер тоголок США», КТРК - алып баруучу, редактор
«Central Asia’s Got Talent», КТРК, ХАБАР, ЗОР ТВ - алып баруучу
«ИШ КҮНДҮН КЕЧИ», TV1KG - алып баруучу
«ЭМНЕГЕ?», НТС - алып баруучу
«Айыл Кэмп» көркөм тасмасы- продюссер
Иштеген кызматтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2008 - Улуттук биринчи канал, жаштар студиясы (баяндамачы)
2013 - Коомдук биринчи канал, социалдык-экономикалык программалар студиясы (редактор)
2014 – «МИР» радиосу, алып баруучу
2017- Борбордук Азиядагы Америка университети (ага окутуучу)
2018- НТС телеканалы (автордук программалардын алып баруучусу)
Үй бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ата-энеси:
Атасы: Ташымкул Рыскулбекович Рыскулбеков (1949-2004)
Апасы: Роза Муратовна Рыскулбекова (1951)
Бир туугандары:
Жыргал Ташымкуловна Рыскулбекова (1972)
Эсенбек Ташымкулович Рыскулбеков (1978)
Гулзат Ташымкуловна Рыскулбекова (1985)
Нурзат Ташымкуловна Рыскулбекова (1985)
Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Эркин Рыскулбеков, Посол доброй воли ЮНЭЙДС в Кыргызстане
22 факта о ведущем Эркине Рыскулбекове, который проходил стажировку в Останкино
«Картина маслом». Эркин Рыскулбеков о «нравиться всем» и приеме «по-братски»
ПЕНСИЯ: КОНСТИТУЦИЯ БУЗУЛУУДА, ЖООПКЕРЧИЛИК КИМДЕ БОЛОТ?
Алып баруучу Эркин Рыскулбеков балдар үйүндөгү бир баланы өз камкордугуна алды