Мазмунга өтүү

Эркин гезиттер

Википедия — ачык энциклопедия

Эркин гезиттер - Кыргызстанда коммунисттик режим учурунда басылып чыккан официалдуу гезиттер мамлекеттик бийликтин тигил же бул структурасынын органы катары чыккан.

Кайра куруу мезгилинин башталышы менен Кыргызстанда Эркин гезиттердин пайда болушуна шарт түзүлө баштаган. Алгачкы Эркин гезиттердин бири болуп Фрунзедеги шайлоочулардын шаардык клубу чыгарган «Независимый вестник» эсептелет. Биринчи саны 1989-ж. ноябрда эки бет көлөмүндө, беш нуска менен чыккан.

Кандайдыр белгисиз себептерден улам, бул гезиттин нускасы көбөйтүлбөй, кийинки сандары чыкпай калган. Ушул эле жьиты декабрда университеттин студенттери (журналисттер, тарыхчылар, филологдор) негиздеген «Молодёжная информационная газета» - МИГ гезити чыга баштаган. Беш саны чыккан. Көлөмү 22-36 бетти түзүп, нускасы 200-500гө жеткен. Москва элдик фронтунун маалымат борборунун атайын чыгарылышы «Киргизия» (Независимая Республика) деп аталып, 1300 нусканын 500дөн ашыгы 1989-ж. сентябрда Кыргызстанда таркатылган. 1990-ж. февралда шайлоочулардын Фрунзе шаардык клубунун «Улан» Эркин гезиттер Литвадан чыгарган. Көлөмү төрт беттен туруп, нускасы 1500дон ашкан. Экинчи саны даярдалганы менен жарыкка чыкпай калган.

Кыргызстан Демократиялык кыймылынын багытына үндөш Эркин гезит «Майдан» болгон (башкы редактору А.Токтогулов). Биринчи саны кыргыз тилинде 1991-ж. февралда чыгып, көлөмү сегиз беттен, жалпы нускасы 5 миң даанадан ашкан. Андан мурдараак, 1990-ж. июнда даярдалган «КДК кабарлары» гезити бийликтин кийли- гишүүсү менен басмаканадан чыкпай калган. Бирок ушул эле 1990-ж. 21-августта Ошто «Вестник ДДК» Эркин гезити орус тилинде чыккан. Анын нускаларын эл арасында таратуу бир топ кыйынчылыкка турган.

Ушул мезгилде Москва шаарында Нарын Айып Идиновдун башкы редакторлугу астында, айына бир жолу, кыргыз жана орус тилдеринде көз каранды эмес гезит «Мүрөк» чыгып турган. Анын биринчи саны 1990- ж. 7-ноябрда 600 нуска менен чыккан. Кийинки сандарынын нускасы 950го жетип, көлөмү төрт бетти түзгөн. Жалпысынан алганда, Кыргызстандагы демократтык саясий режимоин орношуна, кыргыздардын улуттук аң-сезиминин өсүшүнө, улуттук-патриоттук, коомдук-саясий кыймылдардын жандануусуна көз каранды эмес прессанын, Эркин гезиттердин тийгизген таасирлери чоң болгон.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик официалдуу каттоодон өткөн, көз каранды эмес, Эркин гезиттердин саны көп, алган саясий багыттары да ар түрдүү. Алардын катарында «Алиби», «Аалам», «Асаба», «Жацы агым» ж.б. кирет. Булардан тышкары «Пирамида», «Алмаз», «Азаттык», «Санжыра», «Марал» сыяктуу эркин радио берүүлөр да бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8