Эрмек Ибрагим уулу
Көрүнүш
Эрмек Ибрагим уулу Эрмек Бахавадинов | ||||
![]() | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
29-апрель 2023-жылы | ||||
Андан мурунку: | Мураталы Тагаев | |||
Дини: | Ислам | |||
Туулган жылы: | 6-январь 1978-жылы | |||
Туулган жери: | Баткен облусу, Лейлек району, Арка-2 айылы | |||
Атасы: | Ибрагим Бахавадинов | |||
Жубайы: | Гүлназ Джураева | |||
Балдары: | 5 баласы бар | |||
Партиясы: | Жарандык демократиялык партиясы | |||
Билими: | Жогорку
Россия Федерациясынын Москва шаарындагы «Синергия» финансы-өнөр жайы университети | |||
Кесиби: | Менеджмент, Экономист, Юрист | |||
Ишмердүүлүгү: | Мамлекеттик ишмер | |||
Сайты: | https://zheti-oguz.gov.kg/ |
Эрмек Ибрагим уулу- мамлекеттик ишмер, Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким.
Өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бала чагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1978-жылдын 6-январында Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында туулган[1]. 1985-жылы Арка-2 айылындагы «Ак-Тилек» (азыркы Б.Набиев атындагы) орто мектебине 1-класстын босогосун аттап, 1995-жылы мектепти ийгиликтуу аяктаган.
Билим жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1995-1999-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институнун агробизнес факультетинин «Менеджмент» адистиги;
- 2000-2001-жылдары Кыргыз Агрардык Академиясынын Экономика жана агробизнес факультетине тапшырып “Агрардык өндүрүштүн экономикасы жана башкаруу адистиги;
- 2013-2015-жылдары Япония мамлекетиндеги Оита префектурасынын Беппу шаарында жайгашкан Ритцумейкан Азия-Тынч океан университетине магистуратурасынын «Эл аралык мамилелер» багытында магистр даражасы;
- 2016-2019-жылдары Россия Федерациясынын Москва шаарындагы «Синергия» финансы-өнөр жайы университетинин «Юриспруденция» багытындагы адистиктикке ээ.
Эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2000-2003-жылдары Баткен мамлекеттик университетинин алдындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун табият таануу жана педагогика факультетинин окутуучусу, ага окутуучусу;
- Экономикадагы математика жана информатика кафедрасынын башчысы;
- 2003-2006–жылдары Баткен облуссунун мамлекетттиек администрациясынын экономика, финансы жана ишкердикти колдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- 2006-2007-жылдары Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын Тажик Республикасынын Согди обласунун өкүлчүлүгүнүн тышка эсепчиси;
- 2007-2008–жылдары Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын экономика, финансы жана ишкердикти колдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- 2008-2010-жылдары Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын ишкердикти колдоо жана туризм секторунун башчысы;
- Уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы, аппарат жетечисинин милдетин аткаруучусу;
- 2012-2013-жылдары Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетечиси;
- 2015-2019-жылдары Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;
- 2019-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- 2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы;
- 2021-жылдын 23-апрелинен 2-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын айыл, суу, чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- 2022-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кенештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүмүндө эксперт;
- 2023-жылдын 29-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2005-жылы Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы,;
- 2006-жылы Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;
- 2009-жылы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын Ардак грамотасы;
- 2012-жылы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси;
- 2018-жылы Кыргыз Республикасынын премьер-министринин алкыш баракчасы;
- 2021-жылы Кыргыз Республикасынын айыл, суу, чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин атынан «Айыл чарбанын отличниги»;
- «Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруусунун отличниги» төш белгиси;
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу, чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Ардак Грамотасы;
- Юбилейлик медалдар жана ведомстволук сыйлыктар.
Класстык чени
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын 3-класстагы кеңешчиси.
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүү, 5 баласы бар. 4 кыз жана бир уулдун атасы.