Эрмит Шарль
Көрүнүш
Эрмит Шарль (24. 12. 1822, Дьёз, - 14. 1. 1901, Париж) - фр. математик, Петербург ИАнын чет элдик корр.-мүчөсү (1857), чет элдик ардактуу корр.-мүчөсү (1895), Париж ИАнын мүчөсү (1856), Лондон король коомунун мүчөсү (1873), 1869-жылдан Париж университетинде проф.
Алгебра, сандардын теориясы жана классикалык анализдин ар түрдүү маселелери боюнча изилдөөлөрү бар. Эрмитдин негизги эмгектери эллипстик функция жана аларды колдонуу, ортогоналдуу көп мүчөлөрдүн классы (Эрмит көп мучөсу), алг. форма жана алардын инварианттар теориясы (Эр мит форжасы) эсептелет. Ошондой эле е санынын трансценденттүүлүгүн далилдеген (1873).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4