Эрназаров Имербек
Эрназаров Имербек Зергер. 1955-ж. Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында төрөлгөн.
Бишкектеги Сүрөтчүлөр окуу жайынын колдонмо-жасалга өнөрү бөлүмүн бүткөн. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун көркөм фондусунда ондогон жылдары узанган. Имербектин зер буюм-тайымдарды кармоодогу «чегүү ыкмасы», көрүк үйлөтүү аркылуу «тогуз төбөлөө ыкмасы» алдыда турат. Бул ыкмалары менен күмүш зымды созуп, аны чыйратып, шуру, акак таштардын четин тордоо өңдүүлөргө узануусунан жаралган нускалары сатууга тушүүдө.
Жасалгалоо иштери боюнча Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун, СССР ЭЧЖКнүн диплом-грамоталарына татыктуу болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0