Эрнст, Мах

Wikipedia дан
Мах, Эрнст

Мах Эрнст - (ˈɛɐnst ˈmax) (1838—1916) — эмпириокритицизмди негиздегендердин бири, анын ысмы боюнча ал махизм деп да аталат. Ал өзүнүн тармагында көптөгөн ачылыштарды жараткан ири австриялык физик болгон. Мах бир катар эмгектерин жарыялагандан кийин философ катарында тааныла баштайт, ал өз эмгектеринде физикада пайда болгон кризисти классикалык физиканын түпнегизи болгон теориялык түшүнүктөрүнүн жардамы менен чечүүгө аракеттенет.

Адам таанымы[оңдоо]

Мах адам таанымы туюмдан башталат дегенге таянат, аларды элементтер деп атайт, элементтер нейтралдык мүнөзгө ээ болушат дейт. Ал мындай деп жазат: «Ошентип кабылдоо элестетүү, эрк, сезүү сыяктуу эле, бир сөз менен айтканда — бүткүл тышкы жана ички дүйнө анча көп эмес сандагы бир тектүү элементтерден түзүлөт да, бир кыйла начар же бир кыйла бекем байланыштарды пайда кылып турат. Бул элементтерди адатта туюмдар деп аташат. Бул аталыш аркылуу белгилүү бир жактуу теория түшүнүлгөндүктөн, биз кыскача гана элементтер жөнүндө айтканды артык көрөбүз... мына ошондо бардык изилдөөлөр ошол элементтердин байланыштарын аныктоого келип такалат» [Туюмдарды талдоо жана физикалык нерсенин психикалык нерсеге мамилеси. СПб., 1907. 27-28-6.]. Ал «нерселер, тело, материя — алардын элементтеринин байланыштарынан башка эч нерсе эмес» [Ошонун өзүндө. 15-6] деп баса белгилейт.

ойломду үнөмдүү жана нукура талаптары[оңдоо]

Мах илим колдонууга тийиш болгон эки негизги талапты көтөрүп чыгат, алар: ойломду үнөмдүү жана нукура, сүрөттөө менен чектелүүчү илимге умтулуу. Ойломду үнөмдөө принциби Мах тарабынан анын механика тармагындагы изилдөөлөрүнө байланыштуу коюлган. Мах механика реалдуулуктун жетилген жана бирден бир сүрөттөлүшү эмес деген ойду айтат. Ушуга негизденип, Ньютондун мейкиндик менен убакыттын абсолюттуулугу жөнүндөгү түшүнүгүн сынга алат, физикалык мыйзамдар массалардын өз ара аракеттери менен байланыштуу деп ырастайт ( бул анын өзү тарабынан «Махтын принциби» деп аталат); бул ырастоо Ньютондун мейкиндик жана убакыт абсолюттук нерселер, анткени тартылуучу массалардын бөлүнүшүнө көз каранды эмес деген жобосун төгүнгө чыгарган.

Эйнштейн Мах тууралуу[оңдоо]

Эйнштейндин пикири боюнча, Мах механицизмге болгон догматикалык ишенимди солкулдатып таштаган. Махтын мейкиндиктин абсолюттуулугун танганы дүйнөнү бир кыйла үнөмдүү элестетүүгө алып келет, анткени мындай учурда мейкиндик менен материя өз өзүнчө бөлөк жашабастан, мейкиндик жагынан ыраатка келтирилген материя бар болуп жашап турат. Махтын «ойломду үнөмдөө принцибинде» чоң рационалдуу данек камтылып турат, анткени анда теориялардын мазмун жагынан жөнөкөй болушуна жана алардын биримдигине карата талаптар айтылган. Бирок Махтын ырастоолорунда бул принциптин апыртылып жиберилиши көрүнүп, теориялар менен фактылардын шайкештик талабына зыян келтирилген. Ал ойломду үнөмдөө принцибинде «нукура сүрөттөп жазуунун» («чистого описания») маанисин баса белгилеп, мындан жаңы билимдердин булагын көргөн. Ал, дээрлик ар кандай билим туюмдардан пайда болот деп эсептеп, муну менен логикалык ойломдун ролун төмөндөткөн. Мах үчүн негизги нерсе — байкоо. С. Франк мындай деп жазат: «Махтын жана анын түздөн түз жолун жолдоочулардын пикири боюнча, физиканын фундаменталдык мыйзамдары төмөнкүчө формулировкаланууга тийиш: ал мыйзамдар түздөн түз байкоолор аркылуу аныкталуучу түшүнүктөрдү гана камтып турушу керек, же эң болбоду дегенде, түздөн түз байкоолор менен кыйла ой түйүндөрү аркылуу байланышып тургандай болушу керек».
Мах ойломду үнөмдөөнү таанымдын негизги мүнөздөмөсү деп жарыялоо менен аша чабат. Дарвиндин табийгый тандоо жөнүндөгү окуусун адамга колдонуу менен Мах, организмдер өзүн өзү сактоого жана жашоого туруштук берүүгө карата болгон биологиялык инстинкттин таасири менен чындыктын фактыларына «ылайыкташып алат», бул ойломду үнөмдөө дегендик болот деп эсептейт.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8