Эртиш (дарыя)
Эртиш | |
|---|---|
Эртиш (Омбу) | |
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 4 248 км |
| бассейндин аянты | 1 643 000 км² |
| Суу агымы | |
| Аягы | Обь |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | Калып:Өлкө желеги/Казакстан, Урусия |
| ОМСР | 14010100112115300000027 |

Эртиш[1] (каз. Ертіс) же Иртыш (орус. Иртыш) — Казакстан менен Орусиянын аймактары аркылуу аккан дарыя, Обь дарыясынын сол куймасы Башаты Кытайдагы Моңгол Атлай тоолорунан башталат. Узундугу 4248 км, алабынын аянты 1643 миң км2. Жогорку агымы тоо дарыясы, Зайсаң көлүнөн Өскемен шаарына чейин Буктурма суу сактагычы жана Өскемен ГЭСи аркылуу агымы жөнгө салынат. Семей шаарынан төмөн, чатына чейин Батыш Сибирь түздүгү аркылуу агат. Төмөнкү бөлүгүндө өрөөнү 35 кмге чейин кеңийт. Башкы куймалары: Ишим, Вагай, Тобол, Конда (сол), Омь, Тара, Демьянка (оң). Орточо чыгымы Тобол шаары тушта 2150 м3/сек (чатында 2830 м3/сек), эң чоң чыгымы 12 100 м3/сек, эң азы 297 м3/сек. Төмөнкү агымы майдан сентябрга, жогорку агымы апрелден октябрга чейин кирет. Ноябрдан апрелдин аягына чейин тоңот. Чатынан жогору карай 3784 кмге чейин кеме жүрөт. Эл чарбасын суу менен камсыз кылып, сугатка пайдаланылат. Эртиш Караганды каналы сууну Эртиштен алат. Боюндагы негизги шаарлар жана порттор: Өскемен, Семей, Павлодар, Омск, Тобольск, Ханты-Мансийск. Тарыхый даректер боюнча алгачкы жолу «Худуд ал-аламда» Итиль менен Артуш дарыясынын ортолорунда кимактар, ал эми кимактардын чыгышында кыргыз уруулары турары айтылган.
М. Кашгариде да (11-кылым) Эртиште огуз тилдүү уруулар жашаары эскерилген. 8-кылымдын ортосунда Эртиштин жогорку агымын ээлеген карлуктар батыш тарапка ооп, ал жерде кимактар калышкан. 9-кылымдын 2-жарымы 10-кылымдын башында Борбордук Азияда кыргыздардын саясий таасиринин күчөшүнөн улам кимак-кыпчактар дагы батышка жыла баштаган. 10–12-кылымда Иртышты кыргыздардын айрым бөлүктөрү жана түрк уруулары мекендеп турган. 13-кылымда бул аймак моңголдордун карамагына өтүп, Жоочу хандын бай тактысы Эртиште жайгашып, 14-кылымдын 2-жарымынан Моголстан мамлекетинин карамагына кирген жана Эртиш анын Түндүк чек арасы катары эсептелген. 14-кылымдын 2-жарымынан Эртиш ойрот урууларынын карамагында калган жана калмактардын биригүү процессине байланыштуу 17-кылымдын 1-жарымында Жуңгар хандыгы негизделген. Кулагандан кийин Эртишти казак уруулары мекендеген. Орустардын Сибирди өздөштүрүшү менен Иртыш аймагы Орусия империясынын карамагына өткөн. Жогорку Эртиш өрөөнү Энесай жана Теңир-Тоо кыргыздарынын этностук байланышын изилдөөдөгү маанилүү тарыхый аймактардан болуп эсептелет.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5