Эрөөл

Википедия дан

Эрөөл —1) жекеме-жеке чыгып салгылашуу, күч сынашуу, сайыш, чабыш. "Манас" эпосунда "Эрөөлгө чыгып сайышса эрдигине чара жок", "Эрөөлгө чыгып эрендер Эки-экиден урушту", — деп айтылат. 2) чалгын, чалгындоо иши. "Эрөөлгө чапты эрендер, Буудан минген берендер, Мен баатырмын дегендер". "Эрөөлгө чыккан Карадөө, Белге чейин барды эми" ("Семетей").

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4