Эсеналиев Солтон Орозобекович
Көрүнүш
Эсеналиев Солтон Орозобекович (10. 2. 1946-ж. туулган, Сокулук району, 1-Май кыштагы) - эмгек ардагери.
- Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин бүтүргөн (1972).
- Эмгек жолун Кызыл-Ой кыштагындагы Түркмөн орто мектебинде мугалим болуп баштаган.
- 1976-жылдан Суусамыр орто мектебинде мугалим, 1986-91-жылдары директордун орун басары, 1991-92-жылдары директор болгон.
- 1992-94-жылдары Суусамыр райондук акимчилигинде аппарат башчысы, 1994-98-жылдары Жайыл райондук элге билим берүү бөлүмүндө инспектор болуп иштеген.
- Учурда ардактуу эс алууда.
- Капсалаң уруусунан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9