Эсенаман уулу Токтосун
Эсенаман уулу Токтосун (1860-1934) Зергер. Тоң районундагы Ашуу кыштоосунда төрөлгөн.
Ата-энеден эрте ажырап, инилери абдан жаш болуп, аларды багуу үчүн ата кесиби - мүнүшкөрдүктү уланткан. Кийин устакерчиликке ооп, Тогуз-Булактагы уста Шайыкка көөрүкчү болгон. Андан ал өтүкчүлүктү да үйрөнүп, айылына келип устакана уюштурган. Чоң зергер катары татаал узанууларга отурган. Ага зер жасалгалары менен элечек, такыя үчүн жаак, кыргак жасоо өңдүүлөр кирген. Ал кездемеге түшкөн оюм-көчөттөрүнө үндөшүп турган. Токтосундун устачылыгын Дөөтүгө ишенимдүү шекити катары уламыш кылып айтышат. «Токтосундун дүкөнүнө ак боз атчан бирөө келип, узанып отуруптур. Бирөөлөр кирип караса, көздөн кайым болуптур»,- деген сөздөр устанын касиеттүүлүгүн арттырып турат. Улуу зергер Токтосундун артынан үйрөнчүктөр ээрчиди. Алар уулдары: Мамбетаип, Зарына, Базарбай айылдаш көөрүкчүсү Мамбет Адигине уулу. Устанын атасы Эсенаман, чоң атасы Самсалы да чоң усталардан болуптур.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0