Эсенбеков, Абдылдабек

Википедия дан

Эсенбеков Абдылдабек (1927, Талас району, Таш-Арык айылы — 1986, Бишкек ш.) — мыйзамдуулук жана укук коргоо тармагынын ишмери, юстициянык 3-класстагы мамлекеттик кенешчиси (башкача айтканда генералга тете наамды кыргыздардан биринчи болуп алган) (1974), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи (1981).
1951-ж. Ташкендеги юридикалык институтту бүтүргөн.
1951—52-ж. Ош облустук эл сотунда, 1953—62-ж. Кыргыз ССРинин Юстиция министрлигинде, 1962—71-ж. республиканын прокуратурасында жооптуу кызматтарда иштеген.
1971— 80-ж. Ысык-Көл, 1980—83-ж. Нарын облустарынын прокурору, 1983—85-ж. Кыргыз ССРинин прокурорунун биринчи орун басары, 1985—86-ж. Кыргыз Республикасынын прокурору. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.