Даңканай Эсенгелдиев

Википедия дан
Эсенгелдиев, Даңканай‎»‎ барагынан багытталды)

Даңканай Эсенгелдиев (1888, Наманган уезди, Муз-Төр болушу, Эш-Сай кыштагы — 1958, ошол эле жерде) — Кыргызстандын түштүк аймактарында Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөштүн активдүү катышуучусу. 1918— 21-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө коргонуу отрядынын командири.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Даңкангай Эсенгелдиев 1888-жылы падышалык Орусиянны отор жайы болгон Фергана өрөөнүндө Наманган үйөсүнө караштуу Муз-Төр болуштугундагы Эш-Сай кыштагында туулган. Улуту - кыргыз.

1918—21-жылдары Кетмен-Төбө өрөөнүндө Кызыл Армиянын катарында коргонуу отрядынын командири болгон.

1921-жылы сентябрдан 1924-жылы март айына чейин А. Осмонбеков командалык кылган ыктыярдуу милициянын өзүнчө атчандар отрядында Кетмен-Төбө жана Чаткал өрөөндөрүндө, Наманган, Маргалаң, Кокон уезддеринин тоолуу болуштарындагы басмачыларга каршы күрөшкө катышкан.

Кийин советтик жана администрациялык-чарбалык кызматтарда иштеген.

Токтогул районундагы Бек-Багыш, Кедул айыл советтеринин төрагасы болгон.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Анын ысмы менен Токтогул шаарындагы көчө, Токтогул районунун Чолпон-Ата кыштагындагы орто мектеп аталган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. Ош областы энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.